Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

25-октябрга караган түнү жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын табы -1...-3° чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Талас жана Ысык-Көл облустарында -3...-5°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2° чейин үшүк жүрөт.

Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, ошондой эле казылып алынган, бирок жабылбай калган картошка менен кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 7...12°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 6...11°;
  • Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 2...7°, күндүз 16...21°;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 9...14°;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн -4...-9°, күндүз 11...16°.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5°, күндүз 10...12° болот.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG