Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Францияда куралдуу кол салуудан бир адам каза болду, бешөө жараат алды

Окуя болгон жерде полиция жана атайын кызмат өкүлдөрү иштеп жатат.
Окуя болгон жерде полиция жана атайын кызмат өкүлдөрү иштеп жатат.

Франциянын борбору Париждин четиндеги Трапп жана Ла-Верьер шаарларында болгон бир катар куралдуу кол салуулардын кесепетинен бир адам каза болуп, беш адам жараат алды. Жабыркагандардын арасында 12 жаштагы кыз бар.

Маалыматка караганда, шектүү автоунаа менен жүрүп, көчөдө жолуккан адамдарды туш келди аткан. Кол салуу болжол менен 15 мүнөткө созулуп, май куюучу жай, медициналык борбор жана бир нече автоунаа зыянга учурады.

Жараат алган 12 жаштагы кыз сегиз жеринен ок жеп, ооруканага жеткирилген. Анын апасы кызынын башындагы жоолук кол салууга себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

39 жаштагы шектүү кийин Куаньер шаарында кармалды.

Франциянын Улуттук антитеррордук прокуратурасы окуяны террордук ишмердүүлүккө байланыштуу адам өлтүрүү жана расалык же диний негизде жасалган кылмыш катары иликтеп жатат.

Трапп шаарынын мэри каза болгон адам африкалык тектүү болгонун, ал эми оор абалда ооруканада жаткандардын бири Түндүк Африкадан чыкканын билдирди. Анын пикиринде, кол салуунун артында расисттик жана, мүмкүн, исламофобиялык маанай турган.

Президент Эммануэл Макрон: «Бүгүн эртең менен биздин жарандарыбыздын бири расисттик идеологиянын негизинде адам өлтүрдү. Бул адамдар терисинин түсү же карманган дини үчүн гана бутага алынды», - деп билдирди.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG