Адистердин айтымында, Кыргызстанда жылына 800дөн ашуун аял эмчек рагы менен ооруканага кайрылат. Дарт 1-2-стадияда аныкталганда аны дарылоо дагы жеңил.
Жыпар (аты өзгөртүлдү) бир канча жыл борбордогу өкмөттүк мекемеде иштеген. Эмчек рагына чалдыкканын өзү эмес, күйөөсү байкап калганын айтып берди.
"Үчүнчү кызым эмчектен чыкканда тоголок нерсе пайда болгон. Сүт калып калган экен. Ооруп, белги берчү эмес. 2019-жылы эмчегим чоңойгондой сезиле баштады. Маани берген эмес элем, көгөрүп калыптыр. Кийинип жатсам, жолдошум байкап калган экен. Ал кызыма "мамаңарды көргөзгүлө" деп чалыптыр. Кызым кайненесине айтса, Онкологияда тааныштары бар экен. Сергей Буюкляновго келип, таңкы алтыдан тарта кезекке турдук. Ал киши көрүп эле, "Бул рак, операция кылыш керек" деди. Өзүмдү жоготуп кое жаздап, эшикте көпкө чейин отурдум. Март айында операция болдум, бир эмчекти алып салышты. Эмчек рагына чалдыккан аял үчүн колдоо маанилүү экен. Ошол кезде жетекчим чалып, "Эже, жумушка чыгыңыз, алаксыйсыз" деп калды. Азыр иш менен алаксыйм. Дарыгердин айтканын так аткардым да. Бул жактан жазып берген дарыны 3,5 жыл ичтим. Азыр мен ызы-чуу, уруш-талаштан качам, болушунча өзүмдү сакташым керек".
Кыргызстанда жылда октябрда эмчек рагынын алдын алууну түшүндүргөн иш-чаралар өтөт.
21-октябрда бир катар коомдук уюмдар жана бейтаптар Улуттук онкология жана гематолгия борборунун астына чогулуп, асманга шар учурушту. Акцияда “Кыздар, өзүңөрдү сүйгүлө” деген сөздөр жаңырып жатты.
Кыл кыякчы Гүлнара Сыдыкбекова онкология борборунда 2011-жылдан бери каттоодо турат.
Ал оорукананын 6-корпусунда ачылган алдын ала консультация берүү кабинетин жетектеп, ыктыярчылык менен алектенип келет.
"Ошол жерде жетекчилик менен бирге ыктыярчылык ишти алып жүрөм. Бейтаптарга протез, парик, бюсгальтер таратабыз. "Эргене" коомдук фонду менен биргеликте бүгүн, Күлгүн октябрга карата тилек айтып, шар учурдук. Эмчегинен операция болгон аялдарга протез таратып, фотосессия уюштурдук. Атайын костюмдарды алууда Эл аралык инновациялык университет колдоо көрсөттү. Мен өзүм 2011-жылдан бери Улуттук онкология борборунда каттоодо турам. 2020-жылы операция болгом. Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштейм. Кечээ, 20-октябрда 40 жыл болду. Ай сайын таргеттик дарылануу алып, гормоналдык дарыларды ичем. Койдун этин, ачыган нан, таттуу жебей, мүнөздөп тамактанам".
"Эргэнэ" коомдук фонду донорлор менен иштеп, сүт бездеринин рагына чалдыккан аялдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.
Шар учуруу акциясынан кийин алар эмчегин алдырган аялдарга протез таратышты. Эмчектин ордуна тагылчу силикон протезди Европадагы рак илдетине чалдыккан аялдардын коому жөнөткөн.
Мындан бир канча жыл мурда мобилдик (көчмө) санариптик маммограф алынган. Учурда ал Улуттук онкология жана гематология борборунун короосунда токтоп турат.
Фонддун координатору Тынара Касымалиева бул жабдыктын жардамы менен аймактагы аялдардын дартын эрте аныктоого мүмкүн болгонун айтты:
"Эргэнэ" фондунун колунда республика, Орто Азия боюнча жалгыз көчмө маммограф бар. Убагында эл аралык кызматташтыктын негизинде, республикалык органдардын колдоосу, донорлордун жардамы менен алынган. Ал аймактарды кыдырышы керек. Буга чейин "Жерүй" компаниясы демөөрчү болуп Таласта миңден ашуун аялды текшерүүдөн өткөргөнбүз. Ошонун ичинен 46 аялдан илдет тапканбыз. Нарынга да барганбыз, ал жакта жарым акысын төлөш керек болчу. Аз эле аялдар өттү. Бул дагы болсо финансылык абалга байланыштуу да. Азыр түштүк аймактарга барып, аялдарды алдын ала текшерүүдөн өткөрүүгө демөөрчү издеп жатабыз. Ооруну эрте аныктоо менен биз дарылоону жеңилдетип, көп өмүрдү сактап калмакпыз".
Адистердин айтымында, маммографиядан 40 жаштан өткөн аялдар жылына бир текшерилип турууга тийиш. Бирок аймактарда бул жабдыктын жана дартты эрте аныктаган скринингдин жоктугу дартты эрте аныктоого тоскоол болуп жатканы айтылып келет.
Шар учуруу акциясына келген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жакындан тарта республика боюнча жаңы маммограф жабдыктары орнотула баштарын билдирди.
"Статистикалык маалыматтарга таянсак, калктын саны көбөйгөн сайын онкологиялык оорулар дагы көбөйөт. Бул дүйнөдө болуп жаткан процесс. Бир айта кетчү нерсе - оорулар жашарып жатат. Ошого коңгуроо кагып, диагностикалык жабдыктарды сатып алып жатабыз. Айта кетчү нерсе, JIKA коомунун, депутаттардын колдоосу менен Онкология жана гематология борборуна эки жаңы маммограф коебуз. Ал көкүрөк безинин алдын алууга чоң жардам берет. Андан тышкары, республика боюнча Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча 13 маммограф орнотобуз".
Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан бейтаптар буга чейин химия таргеттик дарыларын алууда кыйналып келишкен. Айрымдары бул үчүн үй-жайын саткан учурлар катталган.
Акыркы үч-төрт жылдан бери мамлекет химия таргеттик дарылары үчүн акча бөлүп келет.
Нурбек Букуев келерки 2027-жылга карата Онкология борборун дары менен камсыздоо үчүн казынадан 2,5 млрд сом бөлүнөрүн кошумчалады.
"Жыл сайын Онкология борборунун бюджети 200 млн сомду түзчү. Бул каражаттар Жогорку технологиялык борборуна дары каражаттарын алууга берилчү. Дүйнөдө химиялык таргеттик дарылар өтө кымбат. 200 млн сом деңиздин тамчысындай болуп калчу. Орто эсеп менен Кыргызстандын калкынын химиялык таргеттик дарыга керектөөсү 7-7,5 млн сомду түзөт. Албетте, мурда акча бөлүнчү эмес. Негизинен бейтаптар өзү сатып алчу. Дары алуу үчүн үй-жайын саткандар да болгон. 2025-жылдан тарта өлкө казынасынан биринчи жолу 800 миң сом бөлүнгөн. Бул жылы дарыга бөлүнгөн акча млрд сомго жакын каражатты түздү. Онкологиялык борбордун мурдагы жетекчиси катары керектөө чоң экенин мурда эле айтып келгем. Өкмөттүн, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен келерки жылга 2,5 млрд сом бөлүнгөнү турат. Мындай тарыхта болгон эмес. Бирок бул акча деле жетишсиз".
Улуттук онкология жана гематология борборунун маммолог дарыгери, хирург Алмаз Абдылдабеков жакында эле "Азаттыкка" курган маегинде эмчектин рак шишиги маммография менен эле аныкталбасын, кээде жөнөкөй эле ультра үндүү жабдык менен текшергенде табылып каларын айткан.
"Статистика боюнча 34 жаштан 64 жашка чейинки куракта эмчек рагы көп кездешет. Рак - үмүтсүз оору эмес. 1-стадияда айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү 90%. 2-стадияда да жашап кетүү көрсөткүчү абдан жогору. Эң башкысы - ар бир аял жыл сайын медициналык текшерүүдөн, ультра үндүү текшерүүдөн же маммографиядан өтүп турууга тийиш".
Абдылдабеков муну менен катар эмчек рагына чалдыккан аялга эч кандай табып же чөп-чар жардам бербесин кошумчалаган.
"Бизге эмчеги шишип, үрпүнөн кан аралаш ириң чыккан бейтаптар да келет. Оору 4-стадияга өтүп кеткенин дароо билесиң. Алар уу коргошун ичкенин, табыпка көрүнгөнүн айтышат. "Бизге эмнеге эртерээк келген жоксуз?" десек, биопсиядан коркконун айтышат. Эгер рак шишиги болсо биопсиядан корксоң да, коркпосоң да өсөт. Кээ бир адамдарды жакындары табыпка же эмчи-домчуга сүйрөп жөнөйт. Бул эми кыянаттык. Анткени рак 4-стадияга өтүп кеткенде дарылоо өтө кыйын, кеч болуп калат".
Адистер дарттын пайда болуу себептери ар түрдүү экенин, негизги фактор катары тукум куучулук караларын айтышат. Батышта эмчек рагына чалдыккан аялдын кызы же небереси муну билиш үчүн атайын анализ тапшырып, эмчек безин алдын ала алдырган учурлар бар. Кыргызстанда андай анализ жеке лабораторияда жасалары айтылып келет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2024-жылы дүйнөдө эмчек рагы 2 миллиондон ашуун аялдан табылып, 694 000 өлүм учуру катталган.
Кыргызстанда жыл сайын бул дарт 900дөй аялдан табылат. 2024-жылы эмчек рагынан 200дөн ашуун аял каза болгон.
Шерине