Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Рак менен алышып, өкмөттөн жардам күткөн дарыгер келин көз жумду


Алина Алмас кызы.
Алина Алмас кызы.

Рак илдети менен бир нече жылдан бери алышып келген дарыгер келин Алина Алмас кызы (Батурова) көз жумду. Оор илдетке чалдыккандан кийин күйөөсү менен ажырашып, кызы менен көрүшө албай кыйналган келин тууралуу “Азаттык” 2018-жылы баяндаган жана анын көйгөйүн тийиштүү мекемелерге жеткирген.

32 жаштагы Алина өзү сыяктуу оорудан кыйналган аялдарга активдүү жардам берип келди.

Бир уул, бир кыздын энеси, Улуттук онкологиялык борбордун Маммология бөлүмүндө дарыгер болуп иштеген келинге “эмчектин 3-стадиядагы тез өрчүгөн залал шишиги” деген диагноз 2016-жылы коюлган.

Ал казакстандык жигитке турмушка чыгып, бир кыздуу болгон. Күйөөсү тууралуу “Ал менден кызымды тартып алды. Ооба, азыр кызымды мен жакшылап карай албайм, бага албайм. Бирок, адамгерчилик кылып, ушул оору менен алышып жатканда аны тартып албай эле койсо болмок да. Аябай сагынып, куса болуп кетемдеп үч жыл мурда айтып берген.

Бирок жардам сурап Тышкы иштер министрлигине, бейөкмөт уюмдарга, журналисттерге кайрылууларынан майнап чыкпай, ал кызы менен көрүшө албастан көз жумду.

Эмчек жана жатын моюнчасынын залал шишиги аялдар арасында эң кеңири жайылган илдеттерден. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG