Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Тамак-аштан уулангандардын саны 300гө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылгандардын саны 28-октябрга карата 300 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, тамакка ууланып кайрылгандар Бишкекте эле эмес, Чүй облусунун аймагынан да катталган.

“28-октябрга карата кайрылгандар 300гө жетти. Кырктан ашууну жаш балдар”,- деди Мурзашев. Тамакка ууланып кайрылгандардын 70 чамалуусу ооруканада, анын ичинен 21и балдар.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.

Уулангандар 23-октябрда"Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала жыйынтыктар 29-октябрда чыгары айтылды. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишкен. 25-октябрда өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу салган тыюусу алынганы кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG