Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Баткен: чек ара жаңжалы боюнча айыпталгандардын иши облустук сотто каралат


Лейлек райондук сотунун имараты. 21-сентябрь, 2021-жыл
Лейлек райондук сотунун имараты. 21-сентябрь, 2021-жыл

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кармалып, райондук сот тарабынан сегиз жарым жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылган Лейлектин үч тургуну боюнча ишти облустук сот 10-ноябрда карамай болду. Бул тууралуу айыпталгандардын жакындары билдирди.

21-сентябрда Лейлек райондук соту куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган Акмалжон Исоевди 15 жылга, Аюбжон Урунов менен Амонжон Бабожоновду​ сегиз жарым жылга кескен эле. Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары "далилдер жетишсиз, катаал жаза колдонулду" деп сот чечимине нараазы болуп, облустук сотко даттанган.

Быйыл 28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Кыргызстандан 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жалып чыгым бир млрд үч жүз миллион сомдон ашканын атайын комиссия иликеп чыккан.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон. (JsA)

Баткен: чек ара жаңжалынан кийинки өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG