Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

ӨКМ: Өрт кырсыгынан эки адам набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 28-октябрга карата 12 өрт кырсыгы катталып, андан эки адам каза болду.

Бишкектин Свердлов районундагы Маяковский көчөсүндөгү күйүп кеткен үйдөн 45 жаштар чамасындагы адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле Бишкектин четиндеги Кырман жаңы конушундагы автоунаа жуучу жай жана андагы вагон өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр вагондун ичинен кишинин сөөгү табышкан. Учурда каза тапкандардын тек-жайы такталууда жана өрттүн себеби иликтенип жатат деди министрлик.

2021-жылдын тогуз айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына 4 690 чакырууга барган. Алардын 3083ү өрт кырсыгы болгон. Жалпы кырсыктардын чыгымы 2,5 миллиард сомдон ашык деп эсептелген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG