Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

"Рак кызым экөөбүздү бөлдү"


Алина Алмас кызы
Алина Алмас кызы

Эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишиги аялдар арасында эң кеңири жайылган илдеттерден. "Сергек жашоо" түрмөгүндө бул ооруга чалдыккан аялдардын окуяларынан турган радио документалистикалык баяндардын түрмөгүн сунуштайбыз.

Бир кыздын энеси, 28 жаштагы Алина Алмас кызы - Улуттук онкологиялык борбордун маммология бөлүмүнүн дарыгери. Ага 2016-жылы диагноз коюлуп, азыр 3-стадиядагы эмчектин тез өрчүгөн залалдуу шишиги менен күрөшүп келет:

- Оорудан эч ким качып кутула албайт экен. 2016-жылдын кыш айында ооруп калдым. Төрөгөндөн кийин көкүрөгүмдөн чоң шишикти байкадым. Анын өлчөмү 6 сантиметрдей эле. Мен кесиптештериме кайрылдым, баарыбыз эле маммолог болгондуктан, төрөттөн кийин сүт чогулуп калып, мастит болдум окшойт деп ойлогом. Анчалык маани деле берген эмесмин. Анан Ысык-Көлгө бир жумага эс алганы кетип калдым. Ал жактан келгенден кийин моюнуман бир шишик таптым. Мурдагы шишик эмчегимде эле болгондуктан, көңүл бурбай коюп, анын залалдуу экенин байкабай калыпмын. Дароо анализдерди тапшырдым, Алматыга барып, иммуногистохимиялык анализ берип, жыйынтыгы дароо эле 3-стадиядагы бат өрчүгөн эмчектин залалдуу шишиги экенин көрсөттү.

Дарты аныкталгандан кийин Алина көпкө чейин өзүнө келе албай, дарылануудан баш тартып жүргөн. Ал өзү медицинаны билип, ошол эмчек рагын дарылаган дарыгер болгонуна карабай, бул диагноздун өзүнө коюлганына макул боло албады. Ошентип Алина дарыланууну алты айдан кийин гана баштаган:

- Мени догдурларым уруша баштады. Алар мени сөгүп "баарын билип туруп, эмнеге дарыланбай жатасың. Көзүңдү ачсаң боло? Кызыңдын 1-класска барганын көргүң келеби? Анын жашоосу сени кызыктырбайбы?", - деп мага дем берүүгө аракет кылышты. Ошентип дарыланып баштадым. Бирок бул процесс мен үчүн аябай оор болду. Дарылануу таптакыр жаккан жок. Аябай оор экен. Дарыгер болгонума карабай, бейтаптар кандай азап-тозоктон өтөрүн мурда билбепмин. Ал тургай дарылануу кайдан, кантип башталарын, кимге кайрылып, кайсы дарыгерден кеңеш аларымды билбеген учурлар болду. Элестетсеңиз, мен медик болуп туруп ушунун баарын билбегениме таң калдым. Ооба, ишимди так аткарчумун. Рак оорулууларды операциядан кийин карап, алардын реабилитациясына жардам берчүмүн. Тамчылатма дары жазып, жараатын таңып, айтор ошону эле билчүмүн. Ал эми залалдуу шишикти кантип дарылайт таптакыр түшүнүгүм жок экен. Химия терапия, нур терапиясы сыяктуу онкологиянын тозогун көрбөпмүн. Мыкты деген дарыгерден өзүм химиялык терапия алып баштаганда гана кантип дарыланыш керек экенин аңдадым.

Албетте бул дарылануунун баары Алинанын жеке жашоосуна, психологиялык абалына өтө оор кесепеттерин тийгизген. Ал элден обочолоп, өзүн жалгыз, алсыз сезип, депрессияга кабылат:

- Медициналык билими бар мен өзүм оорумду толук түшүнө албай кыйналып, бук болгон күндөрүм болду. Дарыгерлер мени жаман карап жаткандай, баары мага начар мамиле жасап жаткандай сезилип эле ыйлай берчүмүн. Бирок чындыгында, өзүм иштеген бөлүмдө дарыланып жатканда мени кантип эле жаман карамак эле? Оорусу аябай күчөп кеткен аялдарды бул жактан көп көргөм. Дарты өрчүп кеткенине карабай, алар дарылануудан качып, ооруканага айлап келбей жүрө беришчү. Анан алар аябай катуу ооруп, өлүмдүн босогосуна жакындап калганда анан чабалактап келишчү. Ушунун баарын көрүп туруп, мени да ушундай тагдыр күтөрүн айдан-ачык билип, анан кантип маанайым чөкпөй койсун? Дал ошол аялдардын акыбалына жакындап калганымды билем да. Ушунун баарын билген, мындан ары организмиңде кандай өзгөрүү болорун догдур катары билгенден эч кандай жеңилдик жок экен. Тескерисинче, медик эмес, катардагы эле бейтаптан үч-төрт эсеге көбүрөк психологиялык оор акыбалга тушугат экенсиң. Айла жок... Ошентип кыйналып жүргөн күндөрүмдүн биринде Гүлмира Абдразакова эже менен таанышып, ал жетектеген фондго кошулуп, ошол жактан оорума жылмаюу менен карай баштадым.

"Кызымды бербей жатышат"

Эң эле кейигени, өмүрлүк жарынын ооруга туруштук бере албай, алсыз болгону. Буга кошумча ал эки жаштагы кызын каалаган учурунда көрүп, моокуму кана кучактап, өбө албаганына ичи ачышып, буркурап ыйлады. Себеби, казакстандык жигитке турмушка чыккан Алинанын кайын-журту кызын энесине бербей жатышат:

Алина Алмас кызы
Алина Алмас кызы

- Мен сизге дагы бир нерсени айткым келип жатат. Жакын адамдарыңдын, айрыкча жан шеригиңдин колдоосу бул оору менен күрөшүүдө аябай маанилүү экен. Тилекке каршы, мен азыр жолдошум менен ажырашып жатам. Ал менин оорума чыдабады, мени сатып кетти десем да болот. Ал менден кызымды тартып алды. Азыр кызымды көрүп турам, бирок аябай аз. Жок дегенде айына эки-үч күнгө мага таштап кетип турушса жакшы болмок да (ыйлап). Көптөгөн адвокаттарга кайрылдым. Бирок майнап чыкпады. Эмнеге азыр сизге ыйлап жатам? Ооба, азыр кызымды мен жакшылап карай албайм, бага албайм. Бирок, адамгерчилик кылып, ушул оору менен алышып жатканда аны тартып албай эле койсо болмок да. Аябай сагынып, куса болуп кетем. Мен казак жигитке турмушка чыккан элем. Кайненем кыргыз, атасы казак, Кордайда турушат. Казакстанда төрөгөм, кызым Казакстандын жараны, мыйзамдар боюнча, кыргызстандык эне казакстандык баласын чек арадан алып чыгып кете албайт деп айтып жатышат.

Алина абдан боорукер, ачык-айрым келин. Ал телефондогу кызынын сүрөттөрүн улам-улам көрсөтүп, көзү, жүрөгү муңга толуп турса да жылмайганын токтоткон жок. Анын азыркы маалдагы жашоосуна көлөкө түшүргөн жалгыз нерсе жанын кыйнаган, чачын түшүрүп, аргасыз төшөккө жыккан залалдуу шишик эмес, күйөөсүнүн ага ишенбеген мамилеси болууда:

- Мен ага ажырашам деп айтканда ал менин кийимдеримдин баарын сыртка алып чыгып өрттөп салам, тез Кордайга кел деп коркутту. Ага чейин бул жакта химиялык терапия алып жатканда күйөөм Казакстандан келген жок. Телефон аркылуу эле сүйлөшүп турдук. Ооруканада бир нече ай жатып, химиялык терапия алгандан кийин 10 күндөй Бишкекте кармалып калдым. Себеби бул оор дарылануудан соң оозумдун ичи эзилип, тилим булдуруктап, сүйлөй албай калдым. Анын үстүнө 10 күн антибиотик дары сайдырыш керек эле. Кордайда сайып бере турган эч ким жок. Ошентип 10 күн дарыланып, бутума туруп, оозум да айыгып алып анан барсам, "10 күн каякта тентип жүрдүң" деп жемелешти. Күйөөм мен айткан бир да сөзгө ишенген жок. Ооруп дарыландым десем ишенген жок. Дайыма аны алдап жаткандай сезе берет. Айлам кетип, ажырашайын деп чечтим. Ал мени моралдык жактан жеп, жок кылмай болду. Буга чыдай албай калдым.

Дарылануу үчүн айына 100 миң сом

Жаш келиндин дарылануусу да абдан кымбатка айланууда. Химиялык терапияга дагы башка дарылары кошулуп, бир айда 100 миң сомдук каражатты табууга аргасыз:​

Алина Алмас кызы
Алина Алмас кызы

- Мен азыр "герцептин" деген дарыны ичип жатам. Анын бир курсу эле 25 миң сом, бир айда экиден курс алышым керек, ошондо 50 миң сом кетүүдө. Мындан тышкары химиялык терапиям бар. Андан соң реабилитациялык дарыларды ичишим зарыл. Анын баарына жалпысы бир айда 50 миң сом кетип жатат. Тамчылатма дарылар, витаминдер, айтор баары биригип бир айда 100 миң сом кетип жатат. Анан химиялык терапия алып жатканда организмиң аябай өзгөчө болот экен. Боюнда бар аялдардай болуп эле ар кайсы тамакты жегим келе берет. "Тигини жейм, муну жейм, ысып кеттим, үшүп кеттим" деп эле апамды кыйнай берем. Ушунун баарына байкуш апам чыдап, каалаган нерсемди алып берүүдө.

Азыркы тапта "Биз ракка каршыбыз" аттуу коомдук фонддун көмөгү менен Алинанын дарыланууга кеткен каражаттарынын бир бөлүгү жабылууда.

Ошондой эле аталган фонд анын Францияга барып, дарыланып келүүсү үчүн документтерин даярдап жатат. Алина эми шыпаасы Франциядан табылса кызын өзүнө алып, анын мектепке барганын, чоңойгонун көрүп жашоону кыялданууда. Ошол эле мезгилде өзү сыяктуу оорудан кыйналган аялдарга жардам берүүгө бел байлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG