Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:44

Айыккыс дарт менен алышкандар


Сүрөттө: Москвадагы паллиативдик бөлүмдө жаткан оорулуу.

Кыргызстанда акыркы стадиядагы рак оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү толук кандуу ишке ашпай келет.

Кыргызстанда күнүгө 15 киши залалдуу шишик оорусуна чалдыкканын биринчи угат. Расмий каттоодо 25 миңден ашуун рак оорулуу бар. Бул жаман ооруга чалдыккандардын 83 пайызы оорусун билгенден кийин бир жылга жетпей каза болууда.

Кыргызстанда өлүм алдында жаткан рак оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү жетиштүү деңгээлде эмес. Ичээр суусу азайып калган кишилер ооруну басаңдатуучу дарыларга, дарыгерлердин сапаттуу тейлөөсүнө жете албай убара. Бул көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылыш керек? Паллиативдик жардамды жакшыртуунун жолдору кандай?

"Арай көз чарай" талкуусуна "Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова жана Улуттук онкологиялык борбордун паллиативдик жардам бөлүмүнүн дарыгери Жаңыл Кочкорова катышты.

"Азаттык": Эмнеге жан чыдагыс ооруга чалдыккан адам адистердин жардамысыз, туугандары менен жалгыз калып жатат?

Жаңыл Кочкорова: Паллиативдик жардам берүү азыр Кыргызстанда өнүгүү алдында турат. Биздин улуттук онкологиялык борбордо мындай ооруга чалдыккан адамдарга жардам берген 13-бөлүм иштейт. Бейөкмөт уюмдар да каржылык жактан көмөк көрсөтүшүүдө. Мисалы, "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен үй шартында оорулууларга жардам көрсөтүү деген долбоорубуз бар. Ооруканада гана эмес, үй шартында да паллиативдик тейлөөнү ишке ашырууга дарыгерлер менен медайымдарды үйрөтүп жатабыз. Ошондой эле туугандарына дагы биз көрсөтмө берип, ушундай кызматтар бар экенин айтып турабыз.

"Азаттык": Мындан бир нече ай мурда "Сорос Кыргызстан" фондунун коомдук саламаттык бөлүмүнүн координатору айтты эле, ошол сиз айткан дарыгерлердин топтору Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда эле бар, аймактарда абал аябай оор деп, миңдеген оорулууларды тейлөө чын эле сапаттуу болуп жатабы?

Таалайгүл Сабырбекова: Паллиативдик жардам онкологиялык оорулууларга гана эмес, ошондой эле айыкпай калды деген кургак учук, кант диабети сыяктуу бардык ооруларга көрсөтүлүшү керек. ​

Таалайгүл Сабырбекова
Таалайгүл Сабырбекова

​Кыргызстанда 2014-жылдан баштап бул тейлөө жандана баштады. Бирок жетиштүү деңгээлде болбой жатат деп айта алам. Ооруканадагы жардам өлкө боюнча эки эле жерде көрсөтүлөт.

Бишкекте 25 орундуу бөлүм бар жана Ош шаарында 10 кишилик бөлүм иштейт. Жылына 3 миңден ашык киши рактан кайтыш болуп жаткан учурда албетте бул жетишсиз. Ал эми үйүнө барып жардам берген дарыгерлердин тобу үчөө эле.

Биздин "Эргене" коомундагы үйүнө барып, паллиативдик жардам көрсөткөн топко кырктан ашык киши эле көрүнө алат. Бирок муктаждар аябай көп. Райондордо бирден эле онкологдор бар. Алардын жарымынан көбүнүн адистиги онколог эмес. Окулисттер, тиш догдурлар кошумча эле рак оорулуу бейтаптарды тейлеп жатышат. Алар паллиативдик жардам тууралуу абдан аз билишет. Мунун баары эмнеге алып барат? Эң эле биринчиси - акыркы стадиядагы кишинин оорусу аябай катуу болот. Жаны чыдабай чабалактап кыйналат.

Кечээ эле башыбыздан өткөн окуяны айтып берейин. Бизге онкологиялык борбордон "киши болбойт" деп чыгарып койгон аялдын жакындары кайрылышты. Ал аябай кыйналып жатыптыр. Өзү каттоодо турган Бишкектеги 9-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунан ооруну басаңдатуучу морфинге рецепт жаздырып алыш үчүн таң аткандан күн батканча кыйналдык. Ал жактын катардагы дарыгери эмес, башкы дарыгери морфинге рецепт жазуунун жол-жобосун билбейт экен.

Морфин баңги зат кошулган дары болгондуктан, анын рецеби кызыл болуп, атайын текшерүүчүлөр тарабынан катуу көзөмөлдө. Бир топ кагаз толтуруш керек. Догдурлар туура рецепт жазууну билбей, бейтаптар да кыйналууда. Ошол аялга кеч киргенде араң биздин адистер түшүндүрүп жатып, рецепт жаздырып алышты. Бул эми бир эле мисал.

Жаш онкологдун айылдан башталган чыйыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:43 0:00

"Азаттык": Эмнеге жөнөкөй эле рецепт жазуу да жолго коюлбай жатат?

Жаңыл Кочкорова: Биринчиден, биздин бейтапканаларда иштеген дарыгерлердин сабатсыздыгы буга себеп. Алардын үстүнөн текшерген кагаздар аябай көп. Мисалы, морфин Кыргызстанга таблетка жана ампула түрүндө келет. Алардын өзгөчөлүгүн каттоочу журналдар толтура. Бейтапкананын башкы дарыгери же жөнөкөй дарыгер анын баарын туура толтуруп отургусу келбейт, көбү кантип толтурушту билбейт. Окууну жаңы бүтүп жаткандарга рецептти туура жазууну эч ким үйрөтпөйт. Ушунун жол-жобосун биз азыр башка өлкөлөрдөн үйрөнүп, башкаларга да бул билимди жайылтууну аркалап жатабыз.

Экинчиден, бейтаптар өздөрү туура түшүнүшпөйт, морфин баңги зат деп ойлошуп, аны сайдыруудан же ичүүдөн баш тартышат. Туугандары бейтапка "оорусун айтпагыла, биз өзүбүз жардам беребиз" дегенден улам ал тургай морфин бар экенин билбегендер да бар, же "али эрте" деп өздөрү чечим чыгарышат, морфинден коркушат.

Таалайгүл Сабырбекова: Мунун баары маалымат жетишпегенден улам болуп жатат. Жакында эле Таласка барып келдим. Ал жакта морфиндин рецебин жаздырып алуу үчүн айрымдар 45 чакырым жол жүрүп бейтапканага барышы керек экен. Бейтапкананын айланасындагы дарыканалардан да морфинди табуу өтө кыйын.

Жакында эле өкмөттүн буйругу менен морфиндин дозасы көтөрүлдү. Мурда таблеткасын бир рецепт жазганда 50дөн эле жаза алышса, азыр 100 болду, ампула 20 болсо, азыр 40ка чыкты. Бул жакшы жаңылык. Анткен менен маалымат айылдардагы бейтаптарга, айрыкча дарыгерлерге жетпей жатат.

Ошентсе да бул жагдайды жөнгө салган да мисалдар бар. Кочкор районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Роза Калманбетова кесиби боюнча окулист, бирок онкологдун милдетин да аткарып келе жатат. Ал менчик эле дарыкана менен сүйлөшүп, морфин жана башка ооруну басаңдатуучу дарыларды алып барып, элге рецепт менен берүүнү жөнгө салып койгон. Бейтапка жардам берүүдө дарыгерлердин дилгирлиги да биринчи орунда турат.

"Азаттык": Дал ушундай тоскоолдуктар катуу оорулуу адамдарды көзү ачык, бүбү-бакшылар, чөп-чар менен дарылануу деген сыяктуу элдик медицинага түртүп жаткан жокпу?

Жаңыл Кочкорова: Эми бул элдик медицина эч качан жоголбойт деген ойдомун. Эгерде бейтапка убагында диагноз коюлуп, маалында дарыланса бул оорудан 100 пайыз айыгып, узак жашоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок көптөрү антпейт. Дарты аныкталгандан кийин Орусияга, Түркияга иш издеп кетишет да дарты ырбап отуруп, 4-стадияга жетип калат. Биз аларга болгон жардамды бергенге карабай, дарыгерлерден качып, көзү ачык, бакшыларга барышат же уулуу заттар менен дарыланышат.

Маселен атын атасам, Хашим Зайналиев деген табып бар. Анын колунан киши өлдү, абдан эле көп чуу чыкты. Эгерде бизде ошондой болсо анда сотко берип, борбордогу дарыгерлердин айласын кетиришмек. Бирок Зайналиевге азыр деле баргандардын саны арбын. Андан оорусу күчөп, таптакыр болбой калганда анан биздин бөлүмгө келип калышууда.

Мисалы, ошол көзү ачыктар күнүнө 2 миңден 5 миң сомго чейин акча табышат. Ал эми биздин химия терапия дарыларга акча табылбай, президент, министрликке чейин жардам сурагандар көп.

Адель: дартымды музыка басат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG