Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Москва сүйлөшүүгө даяр экенин айтууда. Киевге басым күчөп жатабы?

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин. 2025-жылдын 15-августу. Аляска.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин. 2025-жылдын 15-августу. Аляска.

Украинадагы согушту жөнгө салуу аракеттеринин айланасында дипломатиялык активдүүлүк күчөп жатат. Орусия президенти Путин АКШ жана Украина менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даярдыгын билдирсе, Киев убактылуу оккупацияланган аймактарды Орусиянын жери деп таануу мүмкүн эместигин кайталады.

Ал арада Вашингтон менен Киевдин ортосунда Starlink жана Starshield байланыш системалары боюнча талаш уланууда. Айрым талдоочулар Дональд Трамптын Владимир Зеленскийдин дарегине айткан сынынын артында АКШдагы ички саясий окуялар турганын белгилешет.

"Россия 1" телеканалына курган маегинде Владимир Путин украин президенти Владимир Зеленскийдин оккупацияланган аймактарды орус аймагы катары таанууга болбойт деген билдирүүсүн сындап, аларды "Орусиянын тарыхый жерлери" деп атады. Ал ошондой эле 2022-жылы оккупацияланган украин аймактарында өткөн эл аралык коомчулук тааныбаган «референдумдардын» жыйынтыгына шилтеме жасады.

Путин билдиргендей, мындай сүйлөшүүлөр атышууну убактылуу токтотууга эмес, тынчтык келишимине жетишилгенден кийинки Орусия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерине арналууга тийиш.

Зеленский болсо америкалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда майдан тилкесинде согуш аракеттерин токтотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирди, бирок убактылуу оккупацияланган украин аймактарын Орусиянын курамындагы жерлер деп таануу мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Уиткоффтун сапары күтүлгөн жыйынтык берген жокпу?

Бул билдирүүлөр Путиндин Санкт-Петербург шаарында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугушуусунан кийин жасалып отурат.

Путин менен Уиткофф Санкт-Петербургда жолукту. 21-октябрь 2026-жыл.
Путин менен Уиткофф Санкт-Петербургда жолукту. 21-октябрь 2026-жыл.

Чабармандын бул жолку сапары олуттуу бурулуш алып келген жок окшойт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин америкалык өкүлгө эч кандай документ же расмий сунуш бербегенин билдирди.

Жолугушууда Уиткофф Путинди «гуманист» деп атап, америкалык мугалим Стивен Хаббарддын бошотулушу үчүн ыраазычылык билдирген. Бирок Украинадагы согушту токтотуу боюнча конкреттүү жылыштар тууралуу маалымат берилген жок.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва ноябрдын биринчи жарымында АКШ жана Украина менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүгө даяр. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн.

Батыштагы айрым талдоочулар муну Кремлдин убакыт утуп алуу аракети катары баалап, Орусиянын негизги позициясында азырынча олуттуу өзгөрүү байкалбаганын белгилөөдө. Алардын бири Атлантика кеңешинин илимий кызматкери Ариэл Коэн "Свобода" радиосу менен маектешүүдө тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө канчалык даяр деген суроонун айланасында ой жүгүрттү:

Ариэл Коэн
Ариэл Коэн

"Азыркы кырдаал акыркы 3–4 жыл ичинде башыбыздан өткөргөн окуялардан түп-тамырынан айырмаланбайт. Трамптын көңүлүн алуу үчүн Орусия сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтууда, бирок чындыгында миңдеген орус жоокерин согуш отуна салып жатышат. Албетте, өз жерин коргоп жаткан украиналыктардын арасында да жоготуулар көп. Бул биринчи кезекте укриан эли үчүн чоң трагедия. Мен бул кан төгүүнүн токтошун каалайт элем, бирок мунун кандайча ишке ашарын көрө албай турам. Бүгүнкү күндө Украина багынып берүүгө даяр эмес, ал эми Орусия жаңжалды учурда кандай болсо, ошондой калыпта токтотуп турууга же тоңдурууга даяр эмес".

Мындан тышкары, Коэндин белгилешинче, Кошмо Штаттарда Америка өзүнүн дүйнөлүк ролунан толугу менен баш тартышы керек деген аваздар жаңырууда.

"Мындай пикир келишпестиктер же поляризация АКШда гана эмес, Европада да байкалууда, ал эми Украина болсо ушул ички саясий өзгөрүүлөрдүн курмандыгына айланып баратат", - деди талдоочу.

Киевге басым күчөп жатабы?

20-октябрда Норвегиянын борбору Ослодо Зеленский Трамптын чабарманы менен жолугушкан. Сүйлөшүүгө Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре жана Финляндиянын президенти Александр Стубб дагы катышкан.

Америкалык айрым басылмалар Вашингтон Киевди Москва үчүн салыштырмалуу ыңгайлуу шарттарды камтыган тынчтык келишимине көндүрүүгө аракет кылып жатканын жазууда.

Саясат талдоочу, Америка таануучу Александра Филиппенконун пикиринде, Трамптын Украинага тиешелүү акыркы билдирүүлөрүн 3-ноябрда өтө турган Конгресске шайлоо алдындагы ички саясий факторлорго да байланыштырса болот. Анын айтымында, Вашингтон азырынча Кремлге таасир этүүнүн натыйжалуу механизмин таба албай жатат:

"Шайлоо алдындагы азыркы кырдаал Трампты Европадагы согушту токтотууга умтулуп жатканын көрсөтүүгө мажбурлайт. Ошол эле учурда ал америкалык коомчулукту Владимир Зеленскийге мынчалык күчтүү колдоо көрсөтүүнүн кажети жок экенине, тескерисинче, Зеленскийди айрым чегинүүлөргө барууга мажбурлоо керек экенине ынандырууга аракет кылууда. Анын жакында сүйлөшүүлөрдү Зеленскийден башка бирөө жүргүзүшү керек деп айтканы ушуну менен түшүндүрүлөт".

Көптөгөн америкалыктар, Филиппенко белгилегендей, Дональд Трамптын Орусияга карата азыркы аракеттерин колдошпойт.

"Буга "дизель келишими", Линдси Грэм сунуштаган жана Конгресс кабыл алган мыйзамда каралган Орусияга каршы "тозоктой катаал санкциялардын" киргизилбей калышы, ошондой эле Украинада Starlink жана Starshield системаларын колдонууга байланыштуу ар кандай маселелер кирет", - деди ал.

Филиппенко Кремлге олуттуу басым көрсөтө ала турган негизги өлкө бойдон Кытай каларын, бирок АКШ азыр Бээжин менен мамилени курчутууга эмес, сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар болуп жатканын белгилейт. Натыйжада басым көбүнесе Киевге болуп жатат.

Бул саясат Республикалык партиянын ичинде да талаш жаратууда. Конгресстеги айрым мыйзам чыгаруучулар Украина үчүн маанилүү болгон Starlink жана Starshield кызматтарына байланыштуу чектөөлөр боюнча SpaceX компаниясынан түшүндүрмө талап кылууда.

Starlink боюнча талаш-тартыш басыла элек

22-октябрда президент Дональд Трамп Starlink кайра иштеп жатканын айтып, бирок SpaceX компаниясынын ээси Илон Маск менен бул маселени жеке өзү талкуулаганбы деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Бейшембиде Wall Street Journal президент миллиардерге телефон чалып, системанын Украинадагы ишине коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранганын жазган.

Starlink украин армиясы үчүн маанилүү
Starlink украин армиясы үчүн маанилүү

Басылмасынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдөн кийин система мурдагыдан жакшыраак иштей баштаган. Бирок украиналык аткаминерлер анын бардык функциялары толук калыбына келе элек экенин, ошентсе да байланыштын ылдамдыгы мурдагыга караганда жогорулаганын билдиришкен.

Буга чейин америкалык лидер Starlink кызматынын ылдамдыгын чектөө чечимине эч кандай тиешеси жок экенин айтып келген.

Шаршембиде мамлекеттик катчы Марко Рубио системаны тескөө маселелери Ак үйгө эмес, SpaceX компаниясы жана Масктын өзүнө тиешелүү экенин айткан. Бирок буга чейин Маск системанын аскердик бөлүгү – же Starshield Пентагондун көзөмөлүндө экенин билдирген болчу.

Украин аскерлери 22-октябрдын кечинде эле байланыш сапаты жакшырганын айта баштаган. Бирок айрым аскердик аналитиктердин айтымында, байланыш бир топ жакшырганы менен жогорку ылдамдыкта дагы эле туруксуз бойдон калууда.

Зеленский Starlink системасынын бардык мүмкүнчүлүктөрү азырынча толук калыбына келе электигин жана жакында маселени мамлекеттик катчы Марко Рубио менен талкууларын айтты.

Украина бул системаны согуш майданында жана пилотсуз учактарды башкаруу үчүн пайдаланат. Спутник байланышынын чектелиши менен чабуул коюучу гана эмес, абадан коргонуу үчүн колдонулган дрондордун иши да татаалдашып, күн сайын урулган соккулардын мизин кайтаруу мүмкүнчүлүгү азайган.

АКШ Конгрессинин жакында Киевге барган делегациясы Starshield системасындагы чектөөлөр Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратканын жана америкалык кызматкерлер үчүн да кошумча тобокелдик жаратканын белгилеген. Алардын маалыматына караганда, үзгүлтүк 13-14-октябрдан тарта байкалган.

Орус дизелинин биринчи партиясы АКШга жөнөтүлдү

Акыркы жумаларда Зеленский менен Вашингтондун ортосундагы мамиле начарлай түштү.

Буга Трамптын Орусиядан дизел сатып алуу келишими тууралуу билдирүүсү жана Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүдөн баш тартканы себеп болду.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү 22-октябрда орус дизелин ташыган биринчи танкер АКШга жөнөтүлгөнүн маалымдашты. Кабарга ылайык, кеме болжол менен 40 миң тонна жүк ташып баратат, андан кийин дагы кошумча партиялар жөнөтүлөт.

Октябрдын башында Москва менен Вашингтон орус дизелин АКШнын жана дүйнөлүк рыноктун керектөөсү үчүн жеткирүү боюнча макулдашканы белгилүү болгон. Андан көп өтпөй АКШнын Каржы министрлиги санкциядагы орус дизели боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген лицензия чыгарган. Бул уруксат 2027-жылдын 7-апрелине чейин күчүндө болот.

Зеленский бул чечимди сынга алып, санкциялык басымдын жеңилдеши Орусияга согушту улантуу үчүн кошумча финансылык мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG