Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия, Украина жана АКШ ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүү Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында өтөрүн билдирди. Жолугушуу ноябрь айынын биринчи жарымына пландаштырылган, бирок так күнү азырынча белгисиз.
"Президент сүйлөшүүлөрдүн темасын белгиледи, ал тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетишилгенден кийинки, эки өлкөнүн, Орусия менен Украинанын коопсуздук маселелери", - деди Песков.
Песков журналисттердин "Кремль Европанын сүйлөшүүлөргө кошулуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайбы?" деген суроосуна жооп берип жатып, "Эч нерсени алдын ала жокко чыгарууга болбойт. Бирок биз сөз кылып жаткан сүйлөшүүлөр үч тараптуу форматта өтөт", - деп билдирди.
Мурдараак The Telegraph басылмасы өз булактарына таянып, Европа лидерлери Украинадагы согушту токтотуу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган беш талапкерди карап жатканын кабарлаган. Алардын катарында Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Чехиянын президенти Петр Павел, ошондой эле Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре бар.
Үч тараптуу сүйлөшүүнү жандантуу маселеси АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Путиндин жолугушуусунда талкууланган. Жолугушуу 21-октябрда Санкт-Петербургда өткөн. Анда орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин 10-ноябрдан тартып сүйлөшүүлөрдү жандантууга даяр экенин айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы анын өлкөсү АКШнын үч тараптуу сүйлөшүү тууралуу сунушун колдой турганын билдирген.
Кремлдин өкүлү Песков үч тараптуу сүйлөшүү Абу-Дабиде өтөрүн билдирди
Шерине