Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

"Жунхай" базарындагы өрт 1 миң чарчы метр аянтты каптады

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

22-октябрдын кечинде Бишкектеги «Жунхай» базарынын жанындагы аймакта чыккан өрттөн жабыркагандар катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тилсиз жоо жалпы 1000 чарчы метр аянтты каптады. Өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылды, иш саат 19:30дан өтүп башталып, жалынды толук өчүрүү түнкү саат 01:00дө жетишилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 22-октябрда Ибраимов көчөсүндө жайгашкан кампа менен люстра сатылган контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, аймак курчоого алынган. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 200дөн ашуун милиция кызматкери тартылган.

Өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, себептери жана жагдайлары такталууда.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG