Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

"Жунхай" базарындагы өрттү өчүрүүгө жети бөлүк тартылды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

22-октябрдын кечинде Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан "Дордой" соода комплексине караштуу «Жунхай» базарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт саат 19:30 чамасында базардын шамчырак сатылган контейнерлеринин биринен башталып, жанындагыларга жайылган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө алгач Свердлов районунан эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, кийинчерээк кошумча күч жөнөтүлгөн. Жалпысынан жети өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам штаб иштөөдө.

ӨКМ саат 20:15те окуя болгон жерге борбордук аппараттын ыкчам тобун жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун дрон менен жабдылган кызматкерлерин жөнөткөнүн билдирди.

Саат 21:20га жакын өрт чектөөгө алынганы кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт чыккан жерди коюу түтүн каптап, базардагы соодагерлер менен контейнер ээлери окуя болгон жерге чогулууда.

Адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу азырынча маалымдала элек. Тез жардам кызматынын баштапкы маалыматына караганда, медициналык жардам сурап кайрылгандар болгон жок.

Өрттүн аянты жана чыгуу себептери такталып жатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG