Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Экс-депутат Исхак Масалиев кыргыз тили сынагынан өткөнүн кабарлады

Исхак Масалиев, архив сүрөт.
Исхак Масалиев, архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тесттен өткөнүн "Азаттыкка" ырастады. Ал тилди "канааттандырарлык" деңгээлде билет деген баа алган.

Саясатчы 20-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча 76, окуудан 76 балл алганын билдирген. Ал калган эки бөлүк, жазуу жана сүйлөө боюнча сынактын жыйынтыгы чыга электигин айткан. Саясатчы анын тилден сынак тапшыруусу президенттик шайлоого тиешеси жок экенин айтып, ошол эле учурда талапкер болуу ниетин четке какпай турганын кошумчалаган.

Масалиев жазуу жана сүйлөө боюнча сынактан канча балл алганын айткан жок.

Тил сынактан өткөндөн кийин ал шайлоого катышуу-катышпоо тууралуу бир чечимге келе электигин билдирди.

Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши зарыл.

Кыргызстанда президенттикке ат салышам деген саясатчы кыргыз тилин билиши керек деген талап 1993-жылы эле башкы мыйзамга кирген. Бирок аны аныктоо, баалоо системасы улам өзгөрүп келди.

2017-жылы “Кыргызтест” расмий түрдө алгачкы жолу талапкерлерден сынак ала баштап, 2021-жылдагы шайлоодо да бир аз өзгөргөн шарт менен өткөргөн. Системалаштырылган жана компьютердин жардамы менен баалоо ошол жылы кирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG