Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 20-октябрда мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча 76, окуудан 76 балл алды. Бул тууралуу Масалиев "Азаттыкка" ырастады. Ал калган эки бөлүк, жазуу жана сүйлөө боюнча сынактын жыйынтыгы чыга электигин билдирди. Саясатчы анын тилден сынак тапшыруусу президенттик шайлоого тиешеси жок экенин айтып, ошол эле учурда талапкер болуу ниетин четке какпай турганын кошумчалады.
Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.
Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши зарыл.
Кыргызстанда президенттикке ат салышам деген саясатчы кыргыз тилин билиши керек деген талап 1993-жылы эле башкы мыйзамга кирген. Бирок аны аныктоо, баалоо системасы улам өзгөрүп келди.
2017-жылы “Кыргызтест” расмий түрдө алгачкы жолу талапкерлерден сынак ала баштап, 2021-жылдагы шайлоодо да бир аз өзгөргөн шарт менен өткөргөн. Системалаштырылган жана компьютердин жардамы менен баалоо ошол жылы кирген.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине