Чет элдик инвесторлорго жерди жеңилдетилген шартта 49 жылга ижарага берүүгө каршы пикирин билдирип чыккан активист Азамат Баямановдун иши сотко өттү. Бул тууралуу адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Активисттин ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт жана азырынча отурум өтө турган күн белгилене элек. Баяманов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча, бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө. Учурда ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) камалып турат.
Жактоочу Бараков Баяманов коюлган айып менен макул эместигин жана бийликти басып алууга барбаганын билдирүүдө.
"Баяманов күнөөсү жок экенин жана видеокайрылууда тынч гана жарандык позициясын билдиргенин айтууда", - дейт адвокат. Ошондой эле ал лингвистикалык экспертизанын тыянагына макул эместигин айтып, аны негизсиз деп эсептейт.
Азамат Баямановду 24-июлда белгисиз адамдар кармап, күчкө салып автоунаага отургузуп, белгисиз жакка алып кетишкени кабарланган.
27-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган. Райондук сот активист Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип жатканын билдирген.
Кийин анын иши 326-беренеге алмаштырылганы белгилүү болду.
Баяманов 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылганын, 23-июлда мекемеге кирип чыкканын өз баракчасында жарыялаган.
Активист 21-июлда президент Садыр Жапаровго видео аркылуу кайрылуу жасап, чет өлкөлүк инвесторлорго жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүү чараларын сынга алган.
Жогорку Кеңеш 7-октябрдагы отурумунда Жер кодексине, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды.
Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик жерлерди инвестициялык жана стратегиялык долбоорлор үчүн берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштаган. Анда президенттин чечими менен жер тилкелерин жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик инвесторлорго, бир жолку төлөмдүн негизинде 50 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүү каралган. Бул демилге коомдо кызуу талкуу жараткан. Мыйзам долбооруна ылайык, жер тилкеси тышкы жана ички инвесторго бирдей шартта берилет. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер 10 жылга пайдаланууга берилет. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук жана өз убагында аткарган учурда жерди пайдалануу мөөнөтү 25, кийин 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.
Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине