Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Инвесторго жер берүү долбоору: Кандай өзгөрүүлөр сунушталды?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Бийлик чет элдик инвесторлорго шарт түзүп, сырттан келген капиталдын агымын көбөйтүү аракетин көрүп жатканда жерди убактылуу колдонууга берүү маселесинин тегерегинде талкуу күч алган.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берип, "чет элдиктерге жер берүүдө чочуй турган тобокелдик жок" экенин айткан.

“Жер дароо 50 жылга берилбейт”

Кыргыз өкмөтү жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго жерди убактылуу колдонууга берүү практикасы буга чейин эле колдонулуп келгенин белгилейт. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору ошол иш-аракеттерге көзөмөлдү күчөтүп, жердин максаттуу пайдаланылышын шарттайт деп ишендирүүдө. “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети биринчи окууда карады.

“Алгачкы баскычта жер участогун он жылга чейинки мөөнөткө, андан кийин 25 жылга чейин узартуу менен берүү сунушталат. Эгер инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттенмелерди тийиштүү түрдө аткарса жана жер участогун андан ары пайдалануу зарылдыгы сакталып калса, пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин болушу мүмкүн”. Сунушталган ыкма жер участогун пайдалануу укугунун узактыгын инвестициялык долбоорду ишке ашырууга жана инвестордун алган милдеттенмелерин аткарууга түз байланыштырып, инвесторго керектүү мөөнөттү аныктоону камсыз кылат”, - деп түшүндүрдү экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова.

Өкмөт жерди инвесторго убактылуу пайдаланууга берүүдө эки талапты бекемдеп жатат.

Биринчиси, берилген тилкенин алдын ала түзүлгөн келишимде, тагыраагы, ишкердиктин алдын ала макулдашылган түрү боюнча пайдалануусун көзөмөлдөө.

Экинчиси, муктаждыкка жана ишкердиктин масштабына жараша мөөнөт аныктап берүү.

Жаңы долбоордо жер максаттуу пайдаланылбай же башка багытта иштетиле турган болсо, кайра мамлекетке алып коюу чарасы күчөтүлгөн. Жерди алгач 10 жылга гана колдонууга берүүнү инвестордун жоопкерчилигин жана канчалык ишенимдүү экенин сыноо чарасы деп түшүндүрдү.

Ал эми энергетика тармагындагы долбоорлорго "мөөнөттүк тепкич" талабы тиешелүү эмес. Тагыраагы, бул тармактагы ишмердик үчүн башында эле дароо 10 же 25 жылдан көп мөөнөткө колдонууга берүүгө уруксат.

Мындан тышкары “улуттук инвестициялык долбоор” деген макам алган ишканаларга жерди бекер пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

“Ал макамды берүү үчүн атайын комиссиянын кароосунан өтүшү керек. Кеминде 1 миллиард сом инвестиция салышы зарыл. Ушунча каражат салып жатса, мамлекет да колдоо чараларын көрүшү керек да”, - деди Нурланова.

“Кеңири талкууланбай калды”

Депутат Алишер Козуев жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү маселеси көбүнчө аймактарда актуалдуу болгонуна карабай, ал жактарда кеңири талкууланбай калганына кабатырланды. Ал жок дегенде жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, көйгөйлөр аныкталышы керектигин айтты.

“Сиз азыр порталга бердик, ал жактан бир дагы сунуш келген жок деп жатасыз. Сиздер берген макулдашуунун алкагында ар бир райондо кеминде 10-15 айыл өкмөт башчылары, жер адистери бар. Ошолор менен бир жыйын өткөрүп, эки-үч сааттык талкуу кылып койсо, жакшы ой-пикирлер чыкмак. Азыр бул боюнча жергиликтүү бийликтин толук маалыматы жок”.

Министрдин орун басары долбоор коомдук талкууга чыгарда облустардагы президенттин өкүлчүлүктөрү менен кеңешилерин кошумчалады.

Депутат Козуев жерди эч кандай конкурсу жок түз бергени боюнча суроо коюп, атаандаштык шарты канчалык сакталарына кызыкты.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов эки тараптуу кызматташтыктагы бардык талаптар инвестициялык келишимде так көрсөтүлөт дейт.

“Долбоор демилгеленген учурда келишимге кол коюлардан мурун экинчи тараптан техникалык-экономикалык негиздеме талап кылабыз. Ал жерде долбоордун бардык этаптары жазылат. Мисалы, канча мөөнөттү талап кылат жана каржылык-экономикалык эсеби кандай жүрөт дегендер. Булар каралган соң тийиштүү корутунду чыгат. Келишимде мамлекет тараптын да, инвестордун да укуктары жана милдеттери каралат. Ошонун негизинде инвестор кандай учурда Министрлер кабинети келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу укугун колдонору боюнча маалыматы болот. Ал жерде соттук процесстер да каралган. Алгач Кыргызстандын деңгээлинде соттук процесстер жүрөт. Эгер анын чечимине канааттанбаса, арбитраждык инстанцияга кайрыла алат”.

“Ири бизнестерге гана колдоо болуп жатат”

Жерди инвестициялык долбоорлорго колдонууга берүүдө чет элдик жана жергиликтүү инвестор деген айырмачылык каралбай, баарына бирдей талап жана мүмкүнчүлүк берилет. Анткен менен өкмөт “улуттук инвестициялык долбоор” макамын алгандардын 95% жергиликтүү ишкерлер экенин белгилеп жатат. Айрым депутаттар жергиликтүү ишкерлерге артыкчылык берилиши керек деген маселени көтөрүштү.

Депутат Махабат Мавлянова мыйзам долбоору көбүнчө ири бизнестерди колдоп, орто жана чакан ишкердик сыртта калып жатат деген пикирин ортого салды.

“Кызыл-Кыя шаарынын мэрине кайрылып, инвесторго 1 гектар жер сурадым, жер жок. Кадамжай, Ноокат райондоруна барышты, жер бар, бирок электр энергиясы, канализация, суу жок. Ал бир гектар жерге коммуникацияны алыстан кантип тартып келет. Ошондуктан көйгөйдү өтө кууш эмес, жалпы карап көрсөңөр. Жок дегенде Өзбекстанга барып көргүлө. Завод салам дегендерге кандай шарт түзгөнүн көрөсүңөр. Силер майда инвесторду колдосоңор, алар байып, акырындан ири бизнеске өтөт да. Жергиликтүү ишкерлер капиталды алып чыгып кетпей, ушул жерде калат. Мен жогоруда айткан аймакта мөмө жемиштин көп түрү өсөт, бирок кайра иштетем деген завод кургусу келгендер жер таппай жүрөт”.

Депутаттын пикиринде, мамлекет инвесторлордун баарына жерди бекер колдонууга бериши керек. Мындай ыкма аркылуу импорттук көрсөткүчтөрдү азайтууга болорун кошумчалады.

Беназир Нурланова бул багытта “Индустриалдык парктар жөнүндө” мыйзам кирип, президенттин жарлыгы да бар экенин белгиледи.

“Жергиликтүү бийлик өзү чече берсин”

Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык жерлер Министрлер кабинетинин токтому аркылуу “улуттук инвестициялык долбоорлор үчүн” убактылуу пайдаланууга берилери жазылган. Депутат Эркайым Сейтказиева ушул беренеге кайрылып, мында эки мыйзамдын карама-каршылыгы пайда болбойбу деген суроону койду.

“Муниципалдык менчик жөнүндө” деген өзүнчө мыйзам бар. Ал жерде муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулукка таандык деп жазылган. Аны пайдаланууга укукту жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемеси гана соода жолу менен берет деген талап бар. Эми биз аны Министрлер кабинетинин чечими менен берилет деген талапты киргизип жатабыз. Бул процесс кандай болорун билебиз, ал үчүн бир катар министрликтерден өтүшү керек. Мурда жергиликтүү деңгээлде чечилип келген маселени жогорку бийликке чыгарып, муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамга каршы келген мыйзамды киргизип атасыздар”.

Депутат анын ордуна жергиликтүү бийликке инвестор менен инвестициялык келишимди түз эле түзө берүүнү сунуштап жатат. Антпесе инвестордун жерге байланышкан маселесинин баары өкмөттүк деңгээлде каралып, бюрократия күчөйт деп эсептейт.

Беназир Нурланова бул жерде мыйзамдардын карама-каршылыгы жок экенин кыска белгилеп, терең түшүндүргөн жок.

Көтөрмөлөп кабыл алынган чечим

Комитет жыйынында бир катар депутаттар коомдо кызуу талкууга түшкөн маанилүү долбоор тууралуу толук жооп берилбей жатканын айтып, өкмөткө нааразылыгын билдиришти. Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков тиешелүү мекемелердин маалымат берүүдөгү иши аксап жатканы үчүн бул маселеге президент Садыр Жапаров аралашууга аргасыз болгонун айтты.

“Биз бул мыйзам долбоорунун негизинде кыргызга тиешелүү болгон жерди иреттештирип, тартипке салып жатабыз дегенди түшүндүрө албай жатасыздар да, туурабы? Буга чейин 99 жылга берилип келген. Буга чейин 49 жылга чейин берилип келген. Инвестор миллиард сом салабы же кандайдыр бир долбоор алып келеби, жокпу, ошол жерден чечилип эле “мына сага” деп берип койчу. Сиздер ошону тескерисинче иреттеп, тартипке салып жатасыздар. Сөздүн ачыгы, ошону түшүндүрө албай жатасыздар. Ошонун айынан элде бүдөмүк суроолор жаралып жатат”.

Бул долбоордун алкагында жоопкерчилик ала турган мекемелердин чечимдери, эки тараптуу келишимдин шарттары толук сакталбай калган учурда колдонулчу чаралар, соттошуу тобокелдиктери жана башка кырдаалдар тууралуу суроолор көп экенин белгилешти.

Самаков жыйынга чакырылган өкмөт мүчөлөрүн парламенттин жалпы жыйынына жакшы даярданып келүүнү тапшырып, азыркы абалын “чийки” деп мүнөздөдү.

Жер берүүдөгү талкуу кантип башталган?

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Шерине

XS
SM
MD
LG