Тибеттин тоолуу аймагында жер силкинип, кеминде 16 адам каза болду, 65 адам жараат алды. Силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткенин, бул Кытайдагы 2024-жылдан берки эң катуу жер титирөө экенин Reuters агенттиги жазды.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Нагчу округуна караштуу Бачен уездинде катталды. Бул аймак Тибеттин административдик борбору Лхаса шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 400 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү бийлик кеминде 339 үй кыйраганын билдирди.
Полициянын 300 кызматкери ыкчам жардам көрсөтүү жана куткаруу иштери үчүн жөнөтүлдү. Жер силкинген аймакта маал-маалы менен кар жаашы ыктымал экени айтылды.
Геологиялык жараканын линиясында жайгашкан бул аймакта жер титирөө улам катталып турат.
Мындан эки айга жетпеген убакыт мурун Тибет менен Непал ири суу ташкынынан жана жер көчкүдөн олуттуу жабыркаган. Кырсыктын кесепетинен кеминде 1400 адам каза таап, жүздөгөн адамдар дагы деле дайынсыз болууда.
Шерине