Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды

"Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылышы. 23-октябрь, 2026-жыл.
"Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылышы. 23-октябрь, 2026-жыл.

Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Татарстандын башчысы Рустам Минниханов да катышканын "Ынтымак Ордо" кабарлады.

Касымалиев борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактоо ишиндеги маанилүү кадам экенин айтты.

Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

Касымалиев Миннихановго долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Долбоордун негизги максаты биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган сейрек кездешүүчү түр катары ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу. Ал жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн изилдөөнү, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоону, популяцияларды калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгууну, ошондой эле керектүү илимий-изилдөө, ветеринардык жана реабилитациялык инфраструктураны түзүүнү карайт.

Президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка 2023-жылы кол койгон.

Анын алдында бир катар эл аралык уюмдардын Бишкектеги өкүлчүлүктөрү ак илбирске улуттук жаныбар макамын ыйгаруу сунушу менен өлкө башчыларына кайрылган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен 330дай ак илбирс бар жана аны аткандарга эки миллион сом айып пул салынат. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG