Кыргызстан боюнча келерки жылы эскирип, окууга жараксыз болуп калган билим берүү мекемелеринин ордуна 111 мектеп курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 22-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчы 2028-жылдан тартып ар бир айылга бала бакча, оорукана жана спорт комплекстери салына турганын кошумчалады.
"1950-1960-жылдары курулган, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окууга болбойт деген бүтүм чыгарган 111 мектебибиз алыскы айылдарда калды. 2027-жылы толук бүтүрөбүз, 111ин тең бүтүргөнгө толук күчүбүздү жумшайбыз. Мектептер бүткөндөн кийин ар бир айылга бала бакча, оорукана, спорт комплекстерин курууга өтөбүз", - деди Жапаров.
Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар. Анын 2 миң 170и мамлекеттик, 224ү менчик. Алардан 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.
Буга чейин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева класстардагы окуучулардын санын азайтып, норманы сактоо үчүн Бишкек шаарына дагы 50-60 мектеп курулушу керектигин парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.
Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип жатат. Айрым серепчилер Жапаровдун аймактарды кыдырып, мындай жолугушууларды өткөрүүсү президенттик иштин бир бөлүгү болгону менен, шайлоо алдында үгүт катары да кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.
Мамлекет башчы буга чейин Ош, Баткен жана Нарын облустарынын тургундары менен жолугушкан. (КЕ)
Шерине