Базар-Коргон районунун өзүн Жусуп деп тааныштырган тургуну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), прокуратуранын мурдагы облус жетекчилигинин үстүнөн арызданып, айрым балдарды камап, акчасын алып кыйнашканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 22-октябрда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушкан учурда билдирди.
"Райондогу көйгөйлүү маселе Кыргызстан боюнча көтөрүлдү, УКМКнын үстүнөн арыз түшкөн. Облуска түшкөн, Досмамбетовдун айланасында. Базар-Коргон районундагы далай-далай балдарды жөндөн жөн алып барып камап, эч кандай далили жок алып жатып, облустук прокурордун орун басары Зулпукар уулу Досмамбетов менен далай балдардын акчасын алып кыйнашты. Же соттон чечим жок, же жооп жок. Мен сизге үч жолу барып кире албай келдим", - деди жергиликтүү тургун.
Ал президенттин суроосуна жооп берип жатып "балдар далилдеп бере аларын" кошумчалады.
11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри жана УКМКнын облустагы мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетов 9-ноябрга чейин камакка алынган.
Башкы прокуратуранын 10-октябрдагы маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкерлерден өзгөчө көп суммада пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктаган.
Президент менен жолугушууда аты аталган адамдар комментарий бере элек. (КЕ)
Шерине