Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Кыргызстанда 25 мектепке Starlink терминалдары тапшырылды

Кыргызстанда аймактардагы 25 мектепке жогорку ылдамдыктагы спутник интернетине жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Starlink терминалдары тапшырылды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.

Терминалдар бекер берилип, билим берүү мекемелерине жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн тапшырылды. Бул иш мектептерди, ооруканаларды жана башка социалдык мекемелерди, анын ичинде алыскы айылдардагыларды да интернет менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

"Биздин максат - шаардабы же алыскы айылдабы жашаганына карабастан, ар бир окуучу заманбап билим берүү ресурстарын пайдалана ала турган шарттарды түзүү. Бүгүнкү күндө интернетке жеткиликтүүлүк - бул билимге, жаңы технологияларга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүк. Ошондуктан биз өлкөнүн бардык аймактарында санариптик инфраструктураны кеңейтүү боюнча ырааттуу иш алып барып жатабыз", - деди Министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Мамытканов.

2025-жылы Кыргызстанда спутниктик интернетти киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген.

Өлкөдө 2374 мектеп иштесе, анын 2132 мамлекеттик, 242си менчик. Эмгектенип жаткан мугалимдердин жалпы саны 97 миңдей. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG