Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Улуттук банк Кыргызстанга сырттан акча которуу азайганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн которулган каражаттын жалпы көлөмү август айында 269,6 млн долларды түздү. Бул июль айындагы которулган суммадан 9,9 млн долларга аз экени Улуттук банктын маалыматында көрсөтүлдү.

Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге 8,7 млн доллар акча жиберилген.

2025-жылдын август айында Кыргызстанга сырттан 342,5 млн доллар которулса, башка өлкөлөргө 45,3 млн доллар жөнөтүлгөн.

Каражаттын басымдуу бөлүгү - 240,9 млрд доллар Орусиядан жиберилген.

Улуттук банктын маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган.

2024-жылы сыртта жүргөн мигранттардан Кыргызстанга 2 млрд 989,46 млн доллар которулган.

2023-жылы чет жакта жүргөн жарандар 2 млрд 706,1 млн доллар которгон.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG