Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына, социалдык объектилердин курулушуна, энергетиканы өнүктүрүүгө жана калкты социалдык колдоо чараларына токтолду.
"2021-жылы Жалал-Абад облусунун бюджети 2 млрд 630 млн сомду түзгөн, ал эми 2025-жылга 11 млрд 490 млн сом өлчөмүндө бекитилген. 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик 4,4 эсе көбөйгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен кошумча каржылоону эске алганда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 39 млрд 268 млн сом багытталган, анын ичинде 27 млрд 778 млн сом кошумча каражат болгон. 2026-жылы облустун бюджети 5 млрд 569 млн сом өлчөмүндө бекитилип, тогуз ай ичинде республикалык бюджеттен 12 млрд 757 млн сом бөлүнгөн", - деди Жапаров.
Ал эми Манас шаарынын бюджети 2025-жылы 7 млрд 493 млн сом өлчөмүндө бекитилсе, жылдын жыйынтыгы менен 15 млрд 400 млн сомду түздү.
Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, пенсионерлерди жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо маселелерин талкуулашты.
Президенттин басма сөз кызматы менчик ээлеринин укуктарын коргоого, курулуш иштерин аяктоого, колдо болгон объектилерди натыйжалуу пайдаланууга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Жапаров ар бир кайрылууну адилеттүү кароо, мыйзам талаптарын так сактоо жана жарандардын укуктарын негизсиз чектөөгө жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын жетекчилери жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калктын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруусу маанилүү экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип жатат. Айрым серепчилер Жапаровдун аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуусу президенттин иши болсо да, шайлоо алдында үгүт катары да кабыл алынарын белгилеп жатышат.
Мамлекет башчы буга чейин Ош, Баткен, Нарын облустарынын тургундары менен жолугушкан. (КЕ)
Жапаров Манас шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун тургундары менен жолукту
Дагы караңыз
Шерине