Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Санкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 240тан ашуун эсепти тейлөөнү токтотту

Экономика министрлигиндеги брифинг. 21-октябрь, 2026
Экономика министрлигиндеги брифинг. 21-октябрь, 2026

Кыргызстандагы мамлекеттик банктар санкция тобокелдигинен улам 240тан ашуун эсепти тейлөөнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары, санкциялык комплаенс системаларына көз карандысыз баа берүү үчүн эл аралык Kroll консалтингдик компаниясы тартылууда.

Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) Бакыт Сыдыков чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен Бишкекте жолугушкан учурда айтылганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында 52 компания ишин токтотуп, 57 ишканага карата мажбурлап жоюу жол-жоболору башталганы айтылды. Дагы 25 компаниянын ишмердүүлүгүнө текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Брифингдин жүрүшүндө эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстан тарабынан санкциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана аларды минималдаштыруу, финансылык ачык-айкындуулукту жогорулатуу, мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү, банк секторунда жана виртуалдык активдер чөйрөсүндө көзөмөлдү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн дагы 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулганын 5-октябрда кабарлаган. Министрликтин маалыматына караганда, 40ка жакын компаниянын ишмердигине талдоо жүргүзүлүп, анын 16сынын ишин токтотуу чечими кабыл алынды жана материалдар сот органдарына өткөрүп берилген. Калгандары текшерилип жатканы айтылган.

Андан тышкары 2-октябрга чейин мамлекеттик эки банк - “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапканы белгилүү болгон.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.

Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.

Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланышы болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугу Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек деген сунуш берген. Кыргыз бийлиги Кыргызстан санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын кайталап келет. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG