Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Кыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына АКШ санкция салды

Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.

АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен байланышкан A7 каржы тармагын «олуттуу трансулуттук кылмыштуу уюм» деп таанып, санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттардын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) 1-октябрда жарыяланган расмий документинде A7 Network менен байланышкан өлкөлөрдүн арасында Орусия, Кыргызстан, Нигерия жана Зимбабве көрсөтүлгөн.

Американын Каржы министрлиги A7ни санкцияларды кыйгап өтүү үчүн түзүлгөн «көмүскө банк тармагы» деп мүнөздөдү. Вашингтондун маалыматына ылайык, тармак үчүнчү өлкөлөрдөгү компанияларды, бурмаланган соода жана импорт-экспорт документтерин колдонуп, санкциядагы тараптардын төлөмдөрүн кадимки коммерциялык операция катары көрсөтүп келген.

АКШнын Финансылык кылмыштарга каршы күрөш тармагынын иликтөөсүндө A7 менен байланышкан компаниялар 2025-жылдын январынан 2026-жылдын июнуна чейин дүйнө боюнча 17 миллиард доллардан ашык каражатты өткөргөнү айтылат.

A7 өзү 2026-жылдын январында күнүнө эки миңден ашык операция жүргүзүп, жалпы көлөмү 7,5 триллион рублден же 91,5 миллиард доллардан ашканын билдирген.

A7 жана Кыргызстандын байланышы тууралуу The New York Times да жакында иликтөө жарыялаган. Басылманын маалыматына караганда, A7 Батыштын Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүү үчүн эл аралык компаниялар менен криптовалюталарды пайдаланган жана бул тармакта Кыргызстан негизги багыттардын бири болгон.

The New York Times иликтөөсүндө 2025-жылдын төрт айында эле бул система аркылуу 500 миллион доллардан ашык операция жүргүзүлгөнү айтылат. Басылма A7 тармагы аркылуу Орусияга Украинадагы согушта колдонулушу мүмкүн болгон дрондор жана башка жабдууларды сатып алууга байланышкан төлөмдөр да жүргүзүлгөнүн, бул схемада Кыргызстандагы компаниялардын аты аталганын жазган.

A7 компаниясынын негизги фигураларынын бири Молдовадан чыгып кеткен ишкер Илан Шор. A7 менен Орусиянын аскердик өнөр жай тармагын тейлеген, санкциядагы «Промсвязьбанктын» да байланышы бар. Банктын A7деги үлүшү 49% чейин экени буга чейинки иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн.

Кыргызстандагы байланыштар буга чейин да иликтөөлөргө чыккан. «Азаттыктын» Кыргызстандын Юстиция министрлигинин документтерине таянган иликтөөсүндө A7A5 криптовалютасын чыгарган Old Vector компаниясы Кыргызстанда катталганы аныкталган. Ошол эле документтерде A7-Кыргызстан компаниясы да Бишкекте каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн.

АКШ 2025-жылы Old Vector компаниясын да санкциялык тизмеге киргизген. Каржы министрлигинин 1-октябрдагы жаңы билдирүүсүндө A7A5 токени Old Vector тарабынан чыгарылары жана A7 тармагы аны эл аралык операцияларды жүргүзүп, санкцияларды кыйгап өтүү үчүн түзгөнү айтылат.

Кыргыз бийлиги буга чейин өлкө эл аралык санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана Орусиянын Украинадагы согушунда колдонулушу мүмкүн болгон санкциядагы товарларды экспорттобой турганын билдирип келген. Ал эми президент Садыр Жапаров жакында Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөндө Батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга бир тараптуу санкция салышын кескин сынга алган.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG