Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу, үч жылга абакка кесилген Насира Бейшебаеванын жактоочулары Жогорку сотко кассациялык арыз берди. Бул тууралуу жактоочу Евгения Крапивина билдирип, сот отуруму боло турган күндү күтүп жатышканын жазды.
Азырынча Жогорку сот процесстин датасын белгилей элек.
Бишкек шаардык соту 10-сентябрда "кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткарган" деген айып тагылган дарыгер Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган. Дарыгер үч жылга эркинен ажыратылган.
Муну менен Ленин райондук сотунун пробация колдонуу чечими өзгөргөн.
Ушундан кийин медицина тармагында иштеген кызматкерлер Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышкан. Маселе парламентте дагы көтөрүлүп, кесиптик ишмердүүлүгү боюнча жаралган талаштарды мыйзамдуу жана адилеттүү чечүү механизмин киргизүү сунушталган.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди быйыл 18-февралда кармап, ага "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Кийин ал үй камагына чыккан.
Дарыгер аталган ооруканада мурда дарыланган бейтап кыздын энесинин арызы боюнча кармалган. Апасы милицияга 2024-жылы 13 жаштагы кызы туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө мажбур болгонун айтып кайрылган.
Бейшебаеванын кармалышын Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасында сындаган. Ал кандайдыр бир оорунун оор кесепети үчүн бир эле дарыгерди күнөөлөө адилетсиздик болорун белгилеген. Сот учурунда дарыгерди кесиптештери да колдоп чыккан.
Кыргызстанда бейтаптардын өлүмү же башка себептер менен дарыгерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар мурда да катталып келген.
Ошол эле учурда бейтаптардын жакындары медицина кызматкерлерине күч колдонуп, сабаган учурлар да арбын.(КЕ)
Шерине