Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Азия оюндары: Шаршенбеков алтын, Махмудов коло медаль утушту

Жоломан Шаршенбеков. Азия оюндары, Жапония, 1-октябрь, 2026
Жоломан Шаршенбеков. Азия оюндары, Жапония, 1-октябрь, 2026

Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейинки салмак) алтын медаль утту. Ал 1-октябрда финалда өзбекстандык балбан Алишер Ганиевди 7:5 эсебинде утту.

Бул быйылкы Азия оюндарындагы кыргызстандык спортчулар алган алгачкы алтын.

Шаршенбеков буга чейин кореялык Ким Дахюнду 9:0, түркмөнстандык Азатжан Ачиловду (8:0), жарым финалда ирактык балбан Сажжад Али Мукаср Альбидханды (8:0) утуп алган эле.

27 жаштагы Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын эки жолу чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал буга чейин 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын медал тагынган.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Олимп оюндарынын коло медалын тагынган. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолу күмүш байге алган.

Ушул эле күнү Акжол Махмудов (77 кг чейин) коло байге үчүн беттеште кытайлык Лю Руини 9:0 эсебинде жеңди. Алгачкы беттешинде Махмудов учурдагы олимпиада чемпиону, жапониялык Нао Кусакага жеңилген. Кусака эки атаандашын утуп, финалга чыккандан кийин, Махмудовго кайра килемге чыгууга мүмкүнчүлүк жаралып, жооткотуучу беттеште казакстандык балбан Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утуп алган.

Акжол Махмудов ушуну менен Азия оюндарында үчүнчү жолу байге алды. Ал 2018-жылы күмүш, 2023-жылы алтын медал тагынган.

Ушуну менен XX жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда 10 медаль болду. Бир алтын, эки күмүш, жети коло. Күмүш байгени сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов (200 м, брасс), грек-рим күрөшүнөн Асан Жанышов (87 кг чейин) алса, коло байгелерге кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин), грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг чейин), кураштан Айбек Кубанычбек уулу (66 кг чейин), ММА боюнча таймаштарда Сыймык Жаныбек уулу (77 кг чейин), Дастан Каныбек уулу (60 кг чейин), Ырыскелди Дүйшеев ( 71 кг чейин) ээ болушкан. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG