"Бишкек Арена" стадионунун ачылышына байланыштуу 5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептер, окуу жайлар, бала бакчалар, ишканалар, мекемелер жана министрликтер онлайн форматта иштешет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, элдин коопсуздугун камсыздоо жана ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында Министрлер кабинети 5-октябрда мамлекеттик мекемелерди, министрликтерди, бюджеттик уюмдарды жана билим берүү мекемелерин онлайн форматка өткөрүү тууралуу токтом кабыл алган.
Стадиондун ачылышына 65 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Буга байланыштуу шаарда унаа агымы күчөп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн экени айтылды.
Мэриянын маалыматына караганда, стадиондун ачылышынын алкагында майрамдык программа уюштурулат. Шаар тургундары менен калаа конокторунун стадионго ыңгайлуу жетүүсү үчүн Бишкектин он жеринен автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин элди акысыз ташыйт.
51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадионунда 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн.
Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан "Бишкек Арена" стадиону 386 млн долларга курулган.
Жаңы стадиондун курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү маалымдалган. (ZKo)
Шерине