Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Диний темаларды чагылдырган блогерлер атайын уруксат алышы керектиги айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Динге байланыштуу бардык темаларды чагылдырган, видео тартып, подкаст уюштурган блогерлер атайын уруксат алышы керек. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин башкы адиси Нургазы Кыргызбаев "Биринчи радиого" курган маеги учурунда билдирди.

Ал жаңы мыйзамда "диний насаатчы" деген термин пайда болгонун, блогерлер бул талапты аткарышы керектигин белгиледи.

"Дин тууралуу иш жүргүзөм деген кызматкер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына барып, диний билимин тастыктап, кайсыл жаатта блог алып бара турганын маалымдап, андан кийин улуттук агенттиктен бир жылдык күбөлүк алышат. Эгер бир жылдан кийин анын ишмердүүлүгү туура эмес багытта жүрсө, туура эмес идеологияны тартып, мыйзамдан тышкары иштер жүргүзүлсө күбөлүгү чектелип, кийинки жылы берилбейт. Бул жалпы эле интернеттеги подкаст алып барып жаткан, диний жаатта ишмердүүлүк жөнүндө сүйлөп чыгам деген, баян айтам деген дин кызматкерлери жана блогерлер дагы ушул мыйзамдагы талапты эске алышы керек", - деди Кыргызбаев.

Мындай уруксатты алуу үчүн атайын форма Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин расмий сайтына жайгаштырылды.

Кыргызстанда айрым блогерлер дин ишмерлеринен маек алып, подкаст уюштуруп жүрөт. Алардын канчасы атайын уруксат алганы айтылган жок.

Блогер - медиа продукт жасап, аны социалдык платформалар аркылуу коомчулукка тараткан адам. Мындай контент жаратуучулар катталуучулардын санына, тарыхчасын жана публикациясын канча адам көргөнүнө жараша белгилүү суммага жарнама жайгаштырып пайда табат.

Соңку учурда Кыргызстандагы блогерлер, инфлюенсерлер мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларга байма-бай чакырылууда. Мындан улам айрым серепчилер блогерлердин салыктан бошотулушун алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырышат.

Быйыл жыл башында Кыргызстанда блогерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалган. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев блогерлер ЖМКнын өкүлү эмес экенин, бирок миллиондогон катталуучусу бар болгондуктан тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик алууга тийиштигин белгилеген. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG