Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

ӨКМге 5 миң азык-түлүк топтому өткөрүлүп берилди

Жардамды тапшырууга Швейцария парламентинин Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж, Швейцариянын элчиси Сироко Мессерли, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана БУУнун ДАТПсынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай катышты.
Жардамды тапшырууга Швейцария парламентинин Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж, Швейцариянын элчиси Сироко Мессерли, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана БУУнун ДАТПсынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай катышты.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн 5 миң даана жеке азык-түлүк топтому тапшырылды. Долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды.

Ар бир топтомдо жергиликтүү өндүрүштөн чыккан, өзгөчө кырдаал маалында бир адамга 10 күнгө чейин жете турган азык-түлүк бар. Алар министрликтин кампаларына жайгаштырылып, табигый кырсыктан жабыркаган адамдарга, анын ичинде алыскы жана тоолуу аймактардын тургундарына ыкчам жеткирилет.

Долбоордун алкагында 5 миң азык-түлүк топтому даярдалып, резерв катары сактоого коюлду. Ошондой эле Ош шаарындагы жана Чүй облусунун Садовое айылындагы ӨКМдин эки кампасы оңдолуп, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

ӨКМдин кызматкерлери азык-түлүктү сактоо, сатып алуу жана бөлүштүрүү боюнча атайын окуудан өткөн. Келерки жылы дагы 1700 азык-түлүк топтомун даярдоо пландалууда.

Долбоор 2025-жылы башталган пилоттук демилгенин уландысы. Анда азык-түлүк топтомдорунун курамы, таңгакталышы, кампаларга жайгаштыруу жана бөлүштүрүү тартиби сыноодон өткөрүлгөн.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мындай резервдик запас өзгөчө кырдаал учурунда жолдор жабылып же айрым аймактар обочодо калган учурда калкка жардамды тез жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Швейцария өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы 2023-2027-жылдарга карата стратегиялык планына жалпысынан 9,5 миллион доллар бөлгөн.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG