Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн дагы 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, 40ка жакын компаниянын ишмердигине талдоо жүргүзүлүп, анын 16сынын ишин токтотуу чечими кабыл алынды жана материалдар сот органдарына өткөрүп берилди. Калгандары текшерилип жатат.
Андан тышкары 2-октябрга чейин мамлекеттик эки банк - “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапканы белгилүү болду.
Экономика жана коммерция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон адамдарды жана компанияларды аныктоо жана алардын аты-жөнү кирген “блэклист” деп аталган тизмени түзүү механизми талкууланып жатканын кошумчалады.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.
Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланышы болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө кайсы бир мамлекетке санкция салуу укугу Бириккен Улуттар Уюмуна гана берилиши керек деген сунуш берген. Кыргыз бийлиги Кыргызстан санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын кайталап келет. (BTo)
Шерине