Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Токмокто эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 1-октябрь саат 22:24 чамасында Бишкек–Торугарт автожолунун 60-чакырымында жол кырсыгы болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, “Бишкек петролеум” май куюучу жайынын жанындагы жолдун четинде бараткан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Анын кесепетинен 59 жана 66 жаштагы эки аял алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жол кырсыгына шектүү катары машиненин 17 жаштагы айдоочусу кармалып, 3-октябрда Токмок шаардык соту аны камакка алган.

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG