Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:42

Белгороддо соккулардан эки адам каза болду

Дрон соккусунун кесепети. Белгород  (архив)
Дрон соккусунун кесепети. Белгород (архив)

3-октябрдын кечинде украиналык күчтөр Белгород шаарына дрондор менен чабуул койду. Белгород облусунун губернатору Александр Шуваевдин билдиришинче, бир аял каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. Грайворондо дагы бир адам каза болгон.

Орусиялык бийликтин маалыматына караганда, акыркы суткада Белгород, Грайворон жана Шебекино округдарында жалпысынан 12 адам, анын ичинде төрт бала жаракат алган.
Белгород шаарында жети көп батирлүү үй жана 30 жеке турак жай жабыркап, алты унаа күйгөн.

Брянск облусунун губернатору Егор Ковальчук дрондордун чабуулунан төрт адам жаракат алганын билдирди.


Ошол эле учурда украиналык мониторинг каналдары Адыгейдин Майкоп шаарындагы аскердик аэродромго жана Украинага дрон учурулган башка жайларга Украинанын Куралдуу күчтөрү сокку урганын кабарлашты.

Адыгей бийлиги аймактын үстүнөн 28 украиналык дрон жок кылынганын, каза болгондор жана жабыркагандар жоктугун билдирди. Бир нече жер үй жабыркаганы айтылды. Аскердик аэродромго келтирилген зыян тууралуу расмий маалымат берилген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-октябрга караган түнү өлкө аймагында 559 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастаган эмес.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG