Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Германиянын канцлери Киевге барды, Орусия Украинага соккусун улантты

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Германиянын канцлери Фридрих Мерцти темир жол бекетинде тосуп алды. Киев, 4-октябрь, 2026-жыл.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Германиянын канцлери Фридрих Мерцти темир жол бекетинде тосуп алды. Киев, 4-октябрь, 2026-жыл.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц 4-октябрда, жекшембинин таңында Украинага келди. Акыркы күндөрү Орусиянын дрон чабуулдарына арбын кабылган Киевге Мерц 2025-жылдан бери биринчи жолу барды.

"Бүгүн мен Киевге келдим, анткени жакынкы апталарда Украина биздин колдоого муктаж. Эгер Орусияны токтотпосок, анын согуш машинасы эртеби-кечпи бизге каршы бурулат", — деди Мерц Киевдеги темир жол бекетине келгенден кийин. Мерц "украиналыктарды террор менен сындырууга болбостугун" кошумчалады.

Немис канцлери Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө. Канцлер Киевде Украинага жаңы жардам пакетин жарыялайт. Анын ичинде 1 миллиард еврого аскердик жардам жана энергетика тармагын калыбына келтирүүгө 350 миллион евро каралган.

Мындан тышкары, дрондордун, дрондорду кармоочу аппараттардын, ошондой эле алыска учуучу куралдардын түрлөрүн биргелешип өндүрүү маселеси талкууланат.

Бул аралыкта Орусия Киевди кайрадан дрондор менен аткылады. 4-октябрга караган түнү шаарда аба чабуулу тууралуу эскертүү алты жолу берилди. Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Днепр районунда дрон сыныктары үйдүн чатырына түшкөн. Жабыркагандар жок.

Жекшембинин таңында Киевдеги Түндүк көпүрөгө дагы дрон менен сокку урулду. Кличко көпүрөдөгү жол кыртышы жабыркаганын билдирди. Кийин интернетте дрон тийген жерде пайда болгон чуңкурдун сүрөттөрү тарады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский көпүрөгө реактивдүү дрон тийген учур тартылган видеону жарыялады. Видеодон ошол учурда көпүрөдө унаалар жүрүп баратканы көрүнөт.

Акыркы күндөрү Орусиянын аскерлери Киевдеги маанилүү эки автотранспорттук көпүрөнү - Түндүк жана Түштүк көпүрөлөрдү бутага алды. Жол кыймылынын өзгөрүүсүнөн улам, шаарда ири тыгындар жаралды.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 4-октябрга караган түнү Орусия Украинага кеминде 135 дрон учурган. Маалыматка ылайык, алардын көбү атып түшүрүлгөн.

Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, Орусия Сумы шаарына башкарылуучу авиабомбаларды таштаган. Алар турак үйлөрдүн жанына түшүп, жети адам жабыркаган. Экөө оор жаракат алган.

Кийинчерээк Украинанын президенти Сумыдагы медициналык дары-дармектер сакталган кампага жасалган орусиялык чабуулдан бир адам каза болгонун билдирди.

Буга чейин жергиликтүү бийлик Ковпаков районундагы ишканалардын бирине орусиялык дрон тийгенден кийин түтүн чыкканын маалымдаган.

Днепр шаарынын борборунда да орусиялык аскерлер телекоммуникациялык компаниянын имаратына сокку урганы, андан өрт чыкканы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG