Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук статистика комитетине шилтеме берип, Кыргызстанда 2025-жылы жакырчылыктын деңгээли 24% чейин төмөндөп, жумушсуздук 3,7% түзгөнүн билдирди. Жумушсуздардын саны 104,7 миң адам.
Министрлик 2030-жылга чейин Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программаны бекитүүнү сунуштады. Программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 922 млн сом бөлүү демилгесин көтөрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Эдил Байсалов 2026-жылдын башында өлкөдө 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашай турганын, бийлик алдыдагы беш жылдын ичинде жакырчылыкты 15-20% чейин түшүрүүнү пландап жатканын айткан. (BTo)
Шерине