Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып Агартуу министрлигин санариптештирүү иши боюнча кескин сынга алды.
"Силер санариптештирүүдөн дээрлик нөл экенсиңер. Илгерки кагаз боюнча жүрөт экенсиңер, ал тургай кайсыл мектеп, кайсыл районго канча китеп кеткенин билбейт экенсиңер. Азыр министр иш сапарда жүрөт, кечээки республикалык жыйында катуу сөгүш берейин дедим эле. Эгер санарипке өткөндө баарын көрүп турат элеңер. Мурда Соцфонддо дагы болгон, өлүп калган адамга пенсия алып жатат деп акчаны алып жүрө беришкен. Нарынга 15 миң китеп деп берип жиберипсиңер, беш миңи таратылып, 10 миңи кампада турат. Аны министрликтегилер билбейсиңер. Министрге айтып барыңыз", - деди президент.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып чыгышкан.
Бул маселе парламентте көтөрүлүп, талаш-талкуу жаралган. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.
Бул окуядан кийин Бакытбек Султанов “Учкун” ачык акционердик коомунун директору кызматынан бошотулган.
2025-жылы министр Догдуркүл Кендирбаевага жана анын ошол кездеги биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге сөгүш, дагы бир орун басары Лира Самыкбаевага катуу сөгүш берилген. Министрдин дагы бир орун басары Расул Абазбек уулу кызматынан бошотулган. Буга жеке жогорку медициналык окуу жайларга көзөмөлсүз лицензия берүү, аккредитациялоо процессин көзөмөлсүз калтыруу, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарбоо жана уруксатсыз чет өлкөгө чыгуу, министрликтин иш планынын начар аткарылышы себеп болгону айтылган. (КЕ)
Президент Жапаров Агартуу министрлигинин санариптештирүү ишин "нөл" деп баалады
Шерине