Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Казак өкмөтү калкы көп аймактан көчүп кеткендерге жардам убада кылды

Караганда. Архив сүрөт.
Караганда. Архив сүрөт.

Казакстанда калкы көп топтолгон шаарлардан жана эмгек күчү ашыкча болгон аймактардан жумушчу жетишпеген облустарга өз ыктыяры менен көчкөн жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Өкмөт эмгек жана социалдык коргоо министринин тиешелүү буйругун бекитти.

Жаңы эрежелерге ылайык, Алматы, Астана жана Чымкент шаарларынан, ошондой эле калкы туруктуу өсүп жаткан Жамбыл, Түркстан жана Маңгыстоо облустарынан көчүп кеткендер мамлекеттик төлөм ала алышат.

Ал эми жумушчу күч жетишпеген аймактар катары Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай, Павлодар, Абай, Караганда жана Улытоо облустары көрсөтүлгөн.

Өкмөттүк программа көчүп барган жарандардын жол чыгымын жана коммуналдык төлөмдөрүн жабууну, кызматтык турак жай берүү же батир ижарасына кеткен чыгымды төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Ошондой эле алар кесиптик окуудан өтүп, ишкерликти баштоо боюнча жардам ала алышат. Катышуучулар турак жай сертификатын алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.

Мындан тышкары, программага катышкан адамдарды жумушка алган иш берүүчүлөргө мамлекеттик субсидия берүү пландалууда.

Бирок бул жеңилдиктер туулган аймагына кайтып жаткан жана ал жакта үйү бар жарандарга берилбейт. Ошондой эле жаңы жашаган жерине каттоого турбагандар да программага катыша албайт. Эгер катышуучу жаңы аймакта жашабай калса, үйдү жакын тууганынан сатып алса, белгиленген конуштардан тышкары жерден турак жай алса же туура эмес маалымат берсе, мамлекет бөлүнгөн каражатты кайтарып алат.

Жаңы тартип 2027-жылдан тарта күчүнө кирет.

Казакстанда калкы көп аймактардан жумушчу күчү тартыш облустарга көчүрүү программалары көптөн бери иштеп келет. Алгачкы мындай программа 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап, Донбасста куралдуу жаңжал башталгандан кийин ишке киргизилген. Айрым талдоочулар бул саясатты Астананын өлкөнүн түндүгүндөгү аймактарда жикчил маанай күчөшү мүмкүн деген кооптонуусу менен байланыштырган.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG