Орусиянын армиясы жума күнгө караган түнү Украинага дрондор менен, бир күн мурдагыдай эле 176 жолу чабуул жасады. Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, алардын жарымынан көбү реактивдүү болгон.
АКШ Starshield спутниктик байланыш системасын колдонууга чектөө киргизгенден кийин Украина үчүн мындай учкучсуз учактарды атып түшүрүү барган сайын кыйындап баратат.
Чабуулда негизинен Украинанын энергетикалык инфратүзүмү бутага алынды. Украиналык ДTEK компаниясы өзүнүн жылуулук электр станцияларынын бири катуу чабуулга кабылганын, натыйжада ал жайда электр энергиясын өндүрүү толугу менен токтогонун билдирди.
Бейшемби күнү The Wall Street Journal басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамп SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маскка чалып, андан Украина үчүн Starshield тутумунун толук иштешин калыбына келтирүүнү, спутник байланышынын саатына 160 чакырымдан ашык ылдамдыкта иштешин кайра камсыз кылууну суранганын кабарлаган.
Бул маалымат боюнча расмий ырастоо жок, бирок 22-октябрдын кечинде украиналык аскер кызматкерлери Starshield иштөөсү калыбына келип жатканын билдиришкен.
"Укканыма караганда, байланыш сапаты кыйла жакшырды. Бирок жогорку ылдамдыкта иштеши туруксуз бойдон калууда. Система (саатына 160 чакырым) чектен жогору ылдамдыкта туруктуу иштешин билүү үчүн дагы убакыт талап кылынат", - деп жазды X социалдык тармагында аскердик талдоочу Майкл Кофман. Кофман фронт линиясына барып, украиналык жоокерлер жана командирлер менен баарлашып турат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды.
"Саатына 400 чакырымга чейин азырынча калыбына келе элек. Рубио 48 сааттын ичинде жооп болорун убада кылган. Эртең-бүрсүгүнү дипломаттар байланышат, ошондо сүйлөшөбүз", - деген Зеленский бейшембиде журналисттерге.
АКШ президенти Дональд Трамп SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск Украина үчүн спутник байланышы кызматындагы чектөөлөрдү алып салганын билдирди. Бирок Киев азырынча бул толук ишке ашканын ырастай элек.
22-октябрда журналисттерге комментарий берип жатып Трамп «ал кайрадан калыбына келтирди» деп айткан. Ага чейин бир нече саат мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде өлкөдө кызматты колдонууга байланыштуу көйгөйлөр дагы эле бар экенин билдирген.
Шерине