Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

"Жунхайдагы" өрт: 25 контейнер зыян тартты, кылмыш иши козголду

"Жунхай" базарындагы өрттүн кесепетинен 25 контейнер зыян тартты. 22-октябрь, 2026-жыл.
"Жунхай" базарындагы өрттүн кесепетинен 25 контейнер зыян тартты. 22-октябрь, 2026-жыл.

Бишкектеги "Жунхай" базарындагы өрттүн кесепетинен 25 контейнер зыян тартты. Өрт каптаган аянт болжол менен 1 000 чарчы метрди түздү.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин "Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү" (275-беренесинин 2-бөлүгү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

Маалыматка караганда, өрт Ибраимов көчөсүндөгү кампалардын биринен чыгып, жанаша жайгашкан люстралар жана башка жарык берүүчү жабдуулар сакталган контейнерлерге жайылган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жараат алгандар катталган жок.

Өрттү өчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) жалпы 45 кызматкерден турган 7 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп тартылган.

"Өрттүн келип чыгышынын мүмкүн болгон себептери катары ширетүү иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу, ошондой эле электр зымдарынын талаптагыдай туташтырылбашынан улам кыска туташуунун келип чыгышы каралууда. Өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен аныкталат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрдагы тилсиз жоону өчүрүү иши саат 19:30дан өтүп башталып, түнкү саат 01:00дө жалыны толук өчүрүлгөн. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG