Орусиянын дизелин тарткан биринчи танкери 22-октябрда АКШга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьери Александр Новак билдирди. Танкерге 40 миң тонна жүк батат.
Новактын айтымында, андан кийин кийинки партиялар да жиберилет. Орусия менен АКШнын ортосунда дизел жеткирүү боюнча акыркы келишимге кол коюу жараяны толук аяктай элек. Жеткирүүлөрдүн так багыттары кийинчерээк аныкталат.
Александр Новак келишимдин алкагында орус дизелин айрым өлкөлөр да аларын белгиледи.
"Биз экспортту мурдагы көлөмдө толук калыбына келтирип жаткан жокпуз, аны мунай иштетүүчү заводдорубуздун мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан толук көлөмгө жадыбал боюнча жыл аягында гана чыга алабыз. Мурда алып келген башка өлкөлөр да кайрадан өз үлүшүн ала баштайт", - деди ал.
18-октябрда Түркиянын энергетика министри Алпарслан Байрактар Түркия Москва менен Вашингтондун ортосундагы келишимдин алкагында дүйнөлүк базарга чыгарылган орус дизелинин бир бөлүгүн сатып алууну көздөп жатканын билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 21-октябрда АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугушууда биринчи танкер жакын арада жөнөтүлөрүн ырастаган. Путин АКШ менен Орусиянын ортосундагы "дизел келишими" жарыялангандан кийин дүйнөлүк рынокто дизелдин баасы 5-6% төмөндөгөнүн айткан.
Бирок энергетика тармагы боюнча эксперттерге таянган "Вот так" басылмасы Путиндин бул билдирүүсү чындыкка толук дал келбей турганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп 9-октябрда "дизел келишимин" жарыялагандан кийин америкалык дизел фьючерстеринин баасы чындап эле 4,1% төмөндөп, галлону 4,88 доллардан 4,68 долларга түшкөн. Бирок 21-октябрга карата баа кайра көтөрүлүп, болжол менен галлону 4,77 доллардан сатылган. Демек, келишим жарыяланган учурдан берки жалпы төмөндөө болжол менен 2,3% болгон.
АКШдагы чекене дизель баалары да алгач бир аз арзандап, кийин кайра өскөн. 5-октябрда орточо баа галлонуна 6,199 доллар болсо, 15-октябрда 6,179 долларга чейин түшкөн. Бирок 19-октябрга карата 6,276 долларга чейин көтөрүлгөн. Натыйжада май куюучу жайлардагы дизелдин баасы бир жуманын ичинде 1,6% өсүп, келишим жарыяланганга чейинки көрсөткүчтөн да жогорулаган.
Октябрдын башында эки өлкөнүн лидерлери орус дизелин АКШнын жана дүйнөлүк рыноктун керектөөсү үчүн жеткирүү боюнча макулдашканы белгилүү болгон. Көп өтпөй АКШнын Каржы министрлиги Американын санкциясында турган орус дизели боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген лицензия чыгарган. Бул уруксат 2027-жылдын 7-апрелине чейин күчүндө болот.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди сынга алды. Анын айтымында, санкциялык кысымдын жеңилдеши Орусияга согушту улантууга мүмкүндүк берет.
Шерине