Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Трамп Украинада "жаңы президент шайланышы керектигин" билдирди

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп ишембиде Украинанын президенттик кызматында жаңы адамды көргүсү келерин билдирди. Анын пикиринде, Владимир Зеленский Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат.

“Аларга келишим түзө ала турган жаңы лидер керек", – деп Associated Press агенттиги Трамптын Ак үйдө журналисттер менен жолугушуудагы сөзүн келтирди.

"Зеленский өлкөнүн 20 пайызын жоготту, ал эми эки тараптан тең эки миллиондон ашык адам каза болду. Бул согуш башталбашы керек эле. Украинага жаңы президент шайлай турган убакыт келди деп ойлойм",- деди Трамп. Ал эгер 2022-жылы АКШ президенти өзү болгондо, Орусиянын Украинадагы согушу "эч качан башталмак эмес" деп кошумчалады.

Трамптын Зеленскийге койгон дооматы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай кайра иштетүүчү заводдорго чабуулдарына тиешелүү. АКШ президенти алардан баш тартууну талап кылганын, анткени алар "глобалдык маселени жаратарын" белгилеген. Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн орусиялык мунай объектилерине соккулары токтогон эмес.

"Биз ага: Эмне кылсаң ошо кыл, бирок дизелге сокку урба, анткени бул чоң көйгөй, олуттуу тартыштык", – дедик. Анан ал эмне кылат? Барып дизелге сокку урат", – деди Трамп.

Бул сөздөр Трамп орусиялык дизелдин америкалык жана дүйнөлүк базарларга жеткирүү тууралуу жарыялагандан кийин айтылды.

Мындай чечимди Батышта түшүнүү менен кабыл алышса, Владимир Зеленский аны сындап, Орусия "дизел үчүн мындан аркы террор жана жамандыктар менен ыраазычылык билдирет" деп айтты.

  • Дүйнөдө бензин жана дизелдин баасынын кескин кымбатташы ушул жылдын февраль айында, АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциясынан кийин башталган. Аналитиктер жана көптөгөн керектөөчүлөр муну АКШнын соккуларына жооп катары Ирандын Ормуз кысыгын жаап салышы, ошондой эле ирандык жана орусиялык мунайга салынган санкциялар менен байланыштырышат.
  • Бензин менен дизелдин кымбатташы америкалык шайлоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Бул Республикачылар партиясынын рейтингинин төмөндөшүнө жана ноябрь айында өтө турган АКШ Конгрессине шайлоодогу анын мүмкүнчүлүктөрүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн.
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG