Беш баланын энеси күйөөсүн фронтко жөнөтө электе кайтарып келүүгө жардам сурап, кыргыз бийлигине кайрылды. Ал арада 21-октябрда Казакстан Орусияга иштегени кетип, андан ары мажбурланып согушка жиберилген жаранын мекенине кайтарып келди.
Гүлназдын күйөөсү Алибек (аты өзгөртүлдү) Кыргызстандын жараны. Анын Орусияга барганына беш ай гана болгон. Ал алгач Караколдогу фирма аркылуу таңгактагычтын (упаковщик) ишине кеткен. Ал жерден айлыгын жарым-жартылай ала албай, курулушта иштей баштаган. Бир апта мурда кароолчулук жумушка чакырган жарыяны көрүп, ишке орношот.
“Мектеп, бала бакчаларды кайтарасыңар, өткөрмө пунктта турасыңар” дегенинен барганбыз да. Күнүнө 8 миң рублдан төлөнөт дешкен. “Башында 6-7 миңден чыгат” дегенинен жакшы жумуш окшойт, жүр, барып келеличи деп барган болчубуз”, - дейт Алибек.
Мигрант жигит жубайына жумуш тапканы тууралуу жаңылыгын 14-октябрда айткан.
“Жакшы жаңылыгым бар, Гүлназ. Буюрса жакшы жумуш таап алдым” деди. Кандай экен десем, “айлыгы 250 миң рубль экен, 110 миң нак берет экен, тамак-ашка деп жума сайын 7 миң берип турат экен” деди. 250 миңди укканда эле чочуп кетип, адашпай элесиңби, андай жумуш жок го дедим. “Жок, мен таап алдым, ушундай жумуш бар экен - кароолчу болуп эле бир имаратты кайтарып жатат экенмин” деди. Макул, ошол кароолдой турган имаратты сүрөткө тартып жиберчи, чоң суммада акча төлөй турган кандай имарат экен деп сурасам жиберген жок. Ошол күнү бир саатка жетпей эле интернети өчүп калды. Эки күн байланышка чыккан жок. Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү [19-октябрь] “мага жардам бергиле” деген маалымат келди”, - деди мигранттын жубайы Гүлназ Кулбаева.
“Автоматтан атканды үйрөтүп жатыптыр”
Алибек аялы менен сүйлөшкөндө аны тезинен медициналык кароодон өткөрүп, ыкчам келишим түзүп, андан ары аскердик даярдыктан өтүүчү жайга жиберишкенин айтып берген. Ал ошол жайдан туугандарына чалып, жардам сураган.
“Кечээ түнкү 12де чалды. Көп нерсе айта алган жок. Сүйлөшүп жатканда жанында адамдар турат экен, ашыкча сүйлөп жибербесин дешет экен. “Бул жакта атканды үйрөнүп жатам” деди. “Мылтык кармап көрбөгөн жаным бул жактан көрдүм. Автоматты чачып-жыйнаганды, атканды үйрөтүп жатат” деди. Жаткан жериң кандай десем, “окоптун ичинде жатабыз” деди. Кайсы жерде экенин так айтышпайт экен. Дарегин айтып койсо чыккынчы деп, жолдошума күч колдонушу мүмкүн экен да. Болжолдуу Луганск облусу деп чыгып жатат. Чек арада экен. Орусия менен Украинанын чек арасында экен”, - деп айтып берди жубайы.
Алибектин жакындары аны согуш талаасына жеткирбей алып калуунун айласын таппай турат. Алар бул суранычы менен кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан.
“Тиги жакка кеткенине үч күн болуп калды. 11 күнүбүз калыптыр. 14 күндүн ичинде “учёба” кылып, андан ары согушка алып кетет экен. Өзүмдү коёрго жер таппай отурам. Колдон келишинче интернет сайттардан видео кайрылуу кылып, биздин ажобузга кайрылып жатабыз”, - дейт Кулбаева.
“Рация, бронежилетти өзүң сатып ал” дешиптир
Гүлназ Кулбаеванын айтымында, күйөөсү ортомчуларга алданып калган. Алибек өзү да: “Казак бала офис ачыптыр. Жарыя жибериптир. Офиске келгиле, ошол жактан сүйлөшөбүз” деп такси жиберип ийиптир. Анан таксиге отуруп, эки киши барган болчубуз”, - деп айтып берген экен.
“Менде ал казак баланын жаздырылган үнү бар. “Мына, байке, мобул жерде. Кабатыр болбоңуз. Казак бооруңузбуз. Мына, ушундай жерде жатасыңар, иштейсиңер” деп айткан экен. Жолдошум бир тыйын да ала элек. Тескерисинче, азыр жолдошумдан акча талап кылып жатышыптыр. Бронежилет, аптечка, рация сатып алышы керек экен. Анан ысык чыгарбоочу форма сатып алышы керек экен. Ошого акча тап деп жатыптыр. Муну жолдошум кайниме айтыптыр. “Ушундай сатып алуу үчүн 40 миң рубль керек болуп жатат. А мен бул жактан бир сом да ала элекмин” дептир”, - дейт Гүлназ.
Алибектин жакындары бул окуяны Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алганын айтты. Мекеме бул боюнча “Азаттыкка” расмий маалымат бере элек.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте “эгер согушка тартылган кыргыз жарандары эртерээк кайрылса, аларды алып кала алабыз” деп билдирген:
“Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз”.
Орусия Украинага басып кирген төрт жылдан ашык убакыттан бери Борбор Азиядан барган мигранттардын согушка тартылганы байма-бай айтылып келет.
Украинанын «Жашагым келет» ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына караганда, Орусиянын армиясына тартылган борборазиялыктар жалпы курамынын 44% түзөт. Серепчилер Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери өз жарандарын согушка тартылуудан сактап калуу аракетин жетиштүү деңгээлде көрбөй жатканын белгилеп келишет.
Казакстан 10дой жаранын согуштан кайтарууда
Ал арада 21-октябрда Казакстан Орусияга иштегени кетип, андан ары мажбурланып согушка жиберилген жаранын мекенине кайтарып келди. Казакстандык мигранттын жакындары өткөн аптада казак бийлигине кайрылып, аны согуштан алып калууну суранышкан.
Алар Айнабек Келдибек Орусиядагы күзөт агенттигине жумушка барганын, ага бала бакча, мектептерде кароолчу болосуңар деп убада кылышканын айткан. Бирок ал тил билбей, аскердик келишимге кол коюп алганын кабарлашкан. Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзө баштаганын маалымдаган. Казак бийлиги алдыда согушка тартылган дагы 10дон ашык жаранын мекенге алып келерин билдирүүдө.
“Жашагым келет” долбоору жарыялаган жаңы маалыматка караганда, Орусия тарапта согушка катышып жаткан борборазиялыктардын саны 20 миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жарандары. Тизмеде Өзбекстандын 8 207, Тажикстандын 5 308, Казакстандын 3 819, Кыргызстандын 2 219 жана Түркмөнстандын 884 жараны көрсөтүлгөн.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Орусиянын Украинадагы согушуна тартылган өз жарандары тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек.
Ал эми биздин каарман Гүлназ Кулбаева балдары атасыз калабы деп чочулап, күйөөсүн согуштан кайтарып келүүгө кыргыз бийлигинен жардам күтүп отурат:
“Ажобуз ушул ишти эртерээк карап беришин суранабыз. Беш балам атасыз калбаса. Балдарым кичинекей. Эң улуусу тогуз жашта. Кичинекейим эми бир жашка чыкты - бир жаш төрт ай. Кичинекейим башка адамдардан атасын издеп жатат”.
Шерине