Өзбекстандын такси тармагына Кытайдын компаниясы кирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Spot басылмасына курган маегинде өлкөнүн транспорт министринин биринчи орун басары Мамамбий Омаров билдирди.
Анын айтымында, компания 5 миң автоунаа чыгарып, өзүнүн тиркемесин ишке киргизүүнү пландоодо.
«5 миң автоунааны рынокко чыгарып, өзүнүн тиркемесин ишке киргизүүнү көздөгөн кытайлык компания бар», – деди Омаров.
Транспорт министрлигинин өкүлү компаниянын атын жана долбоор качан ишке кирерин тактаган жок. Ал жаңы ишкана жакын арада Өзбекстандын такси рыногунда иштей баштарын гана белгиледи.
Бул маалымат өлкөдөгү эң ири такси кызматтарынын бири Yandex Go сервисинде жапырт көйгөй жаралган учурда пайда болду. 11-октябрда Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда «Яндекстин» бир катар кызматтарынын, анын ичинде такси чакыруу жана тамак-аш жеткирүү тиркемелеринин иши үзгүлтүккө учураган.
Колдонуучулар унаа чакыра албай жатканын, айрымдары колдоо кызматы менен байланыша албай калганын билдиришкен. Маалыматтарга караганда, көйгөйлөр Орусиядагы компаниянын дата-борборлорунун бири дрон чабуулунан жабыркагандан кийин жаралган.
Мындай шартта аталган өлкөлөрдө такси кызматы бир нече эсе кымбаттап, жарандардын нааразылыгын жараткан.
Шерине