Сербиянын мурдагы президенти, бийликтеги Серб прогрессивдүү партиясынын (СПП) төрагасы Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, "Студенттик тизме" өкмөт түзүүгө жетиштүү добуш топтогонун билдирди.
Ал мындай билдирүүнү добуштарды саноонун расмий жыйынтыктары жарыялана электе эле жасады.
Вучичтин айтымында, "Студенттик тизме" парламентте 135тен 140ка чейин депутаттык мандат алат.
"Биз бул шайлоодо жеңилдик. Нааразылык кыймылынын катышуучулары түзгөн "Студенттик тизме" жеңишке жетти. Алар 135тен 140ка чейин депутаттык мандат алат, ал эми биз болжол менен 105 мандатка ээ болобуз", - деди өз тарапкерлерине Александр Вучич.
Анын айтымында, Серб прогрессивдүү партиясы 1 миллион 720 миң добуш алган, бирок бул жеңиш үчүн жетишсиз болду. Сербияда 25-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышуу көрсөткүчү дээрлик 68 пайызга жетти.
Күтүлгөндөй эле негизги атаандаштык Александр Вучич жетектеген Серб прогрессивдүү партиясы (СПП) менен студенттик кыймыл көрсөткөн партиянын ортосунда жүрдү.
Вучич президенттик кызматтан кетерин быйыл 27-сентябрда жарыялап, парламенттик шайлоого катышарын билдирген.
Шерине