Кытайлык компания Өзбекстандын такси рыногуна чыгууга камынууда. Бул тууралуу Spot интернет басылмасына берген маегинде Өзбекстандын транспорт министринин биринчи орун басары Маманбий Омаров билдирди.
"5 миң автоунааны рынокко чыгарып, өзүнүн тиркемесин ишке киргизүүнү пландаган кытайлык компания бар", - деди.
Ал кытайлык компаниянын аталышы жана качан ишке кирери тууралуу так маалымат берген жок. Бул Өзбекстандын такси рыногундагы жаңы оюнчу болорун, жакын арада ишин баштоону көздөп жатканын белгиледи.
Кытайлык компаниянын рынокко чыгуу тууралуу маалыматы өлкөдөгү эң ири такси кызматтарынын бири -Yandex Go сервисинде үзгүлтүк болуп жаткан кезде пайда болду.
11-октябрда Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда "Яндекс" компаниясынын кызматтарында, анын ичинде такси жана тамак-аш жеткирүү тиркемелеринде мүчүлүштүктөр катталган. Колдонуучулар такси чакыра албай жатканын, айрым учурларда колдоо кызматы менен байланыша албай калганын билдиришкен. Көйгөйлөр Орусияда компаниянын дата-борборуна дрон чабуулунан кийин пайда болгон.
Мындан улам Өзбекстанда такси кызматтарынын баасы кымбаттап, жарандардын нааразылыгын жараткан. Атаандаштык боюнча комитет агрегаторлорго баа түзүү алгоритмдерин кайра карап чыгууну, айдоочуларга төлөмдөргө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү жана айдоочулардын негизсиз бөгөттөлгөн аккаунттарын калыбына келтирүүнү өтүнүп кайрылган.
Шерине