Жакынкы Чыгышта өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикалдуу топ талкалангандан кийин Борбор Азия мамлекеттери Сирия менен Ирактан жүздөгөн жаранын мекенине кайтарды. Алар террордук топко кошулуп кеткен жоочулардын аялдары менен балдары. Бирок дагы бир тобу кала берүүдө.
Зилола (ысымы өзгөртүлдү) Ирактын башкалаасы Багдаддагы катаал режимдеги "Русафа" түрмөсүндө үч бир тууганы жана апасы менен чогуу төрт жылга жакын кармалган.
"Биз ал учурда жаш элек, бирок көп нерсени көрүп келдик. Аялдарды ар кайсы жайларга бөлүп салган. Биз Ирактагы “Русафа” түрмөсүнө түшкөнбүз. Ал жерде бир жайга жүзгө жакын адамды камап койгон. Аялдар, жаш балдар көп эле. Эки күн тамак берген жок. Жаш балдар ыйлап... Кош бойлуу аялдар да бар эле. Эки күндөн кийин тамак беришти. Бирок ал да сууга бышырылган күрүч".
"Апамды аябай сагындым"
Зилола быйыл 18 жашка толду. Мындан беш жыл мурун кыргыз өкмөтүнүн “Мээрим” деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында бир туугандары менен чогуу мекенине келген. Анда Кыргызстан 79 баланы Ирактын аймагынан алып чыккан эле. Зилола апасы менен Ирактагы түрмөдөн коштошуп чыккандан бери беш жыл өттү.
"Аябай кыйналдым. Азыр окуйм, сабактан кийин иштейм. Президент Садыр Жапаровдон суранам, биздин апаларыбызды алып келип берсе... Апамды аябай сагынам. Мен кээде ойлоном. Эмнеге апама жакшы көрөрүмдү ошол убакта айтпадым экен?Эмнеге кучактап, жытына тойбодум экен дейм. Менин эң чоң үмүтүм Садыр Жапаровдо".
Зилоланын бүлөсү ал жакка Сирия менен Ирактын чек арасында куралдуу кагылышуулар күчөп турган 2015-жылдары барган. Ага чейин ата-энеси Түркияда иштеп жүргөн экен. Атасы аларды алдап ээрчитип барганын, кийин ал күндөр өмүр бою жүрөгүнө так салганын Зилола мындайча сүрөттөдү.
"Биз ал учурда кичинекей элек. Атам бир күнү "таенеңдин жанына кетебиз" деди. Биз сүйүнгөнбүз. Эртең мененки саат төрттөрдө жолго чыкканбыз. Ал жакка кантип барып калганыбызды билбейм. Эртең менен турсак эле башка жакта экенбиз. Кийин ойгонсок, башка жерде болуп калдык. Ал жерге барганыбызда аялдарды өзүнчө, эркектерди өзүнчө бөлүп кетишти. Бир учурда кулагым бүтүп, эч нерсе укпай калдым. Көзүмдү ачсам айлана чаң, балдар ыйлап жатат. Анан апамды таппай издеп жүрдүм. Кийин апамды тапкандан кийин кулагым канап кетиптир. Мен кулагым эми укпай калабы деп ойлодум".
Өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террордук уюм талкалангандан кийин радикал топтун жоочуларынын аялдары менен балдары алгач лагерлерге, кийин “Русафа” сыяктуу түрмөлөрдө кармалган. Айрым маалыматтарда “Русафа” түрмөсүндө жалпысынан 600гө жакын аял кармалып турганы, алардын арасында постсоветтик өлкөлөрдөн баргандар дагы көп экени айтылган.
Тышкы иштер министрлигинин буга чейин тараткан маалыматында Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердиги үчүн" соттолуп, кармалып турганы маалым. Алар “чек арадан мыйзамсыз өтүү”, “согуштук аракеттерди жасоо” сыяктуу ар түрдүү айыптар менен камалышкан.
Ошол 41 аялдын ичинде Рахима Нийзамованын да кызы бар. Азыр ал абышкасы экөө жалгыз кызынын амандыгын тилеп, зарыгып күтүп отурушат. Ал мындан бир топ күн мурун кызы менен сүйлөшүп, анын абалы оор экенин билген.
"Кызым "сыртка таза аба жутканы да чыга албай жатам" деди. Оорукчан болуп калган. Мындайча айтканда, төшөктө жатып калган. Ал жердеги көп аялдар өлүп калышкан. Жашы улгайгандары эле эмес, жаштардан да үч-төртөө өлүп калды. Ал жерде тамак-аш жакшы эмес экен. Ушунча жылдан бери эт жешкен жок. 15 күндө бир жолу бир кесим балык берет дейт. Абалдары өтө оор, ошондуктан кайрылуу кылып, жүгүрүп жүрөбүз да, өлбөй, тирүү келсин деп".
Рахима Нийзамованын абакта жаткан кызы быйыл 43кө толгон. Ал 33 жашында камакка түшүп, Ирактын соту аны он беш жылга кескен. Дагы беш жылдык жаза мөөнөтү калган.
"Кызым жаткан жер дем, аба жетпейт. Муздаткыч коюп койгон, анын суугу урат дейт. Ошол сууктан оорукчан болгондор аябай көп экен. Рак, бөйрөк оорусу, жүрөк оорусуна чалдыккандар арбын. Бир бөлмөдө суу бар, калган бөлмөдө суу жок. Суу тамчылап агат, аны чогултуп, бир жумада бир жолу кийим-кечебизди жууп алабыз деди".
2011-жылы Сирияда Башар Асаддын режимине каршы кыймылдын арты жарандык согушка айланып, кийин өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ башаламандыктан пайдаланып, чоң аймакты басып алган. 2013-2015-жылдары радикалдуу топтун катарына Борбор Азия өлкөлөрүнөн да барып кошулгандар болгон. Айрымдары үй-бүлөсүн да алып кетишкен. Бирок алардын так саны айтылбай келет. Согушта каза тапкандар дагы бир топ.
"Он жылдан бери жалгызмын"
Камалдин Тешебаевдин уул-кызы Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга аралашып, алардын дайынын билмекке аялы артынан кетип, ал дагы Ирактын түрмөсүнө камалып калган. Аксакал Кызыл-Кыядагы үйүндө он жылдан бери жалгыз жашап келүүдө.
Бир учурда түтүнү булап, короосунда бала күлкүсү жаңырып, очор-бачар жашап аткан бүлө кантип ушундай акыбалга келгенин Камалидин Тешебаев аликүнчө түшүнө албай, кайгыдан мөгдөп калганын жашырбады.
"Балаңдын колуна тикен кирсе, кандай болосуң? Менин жүрөгүм ооруп, жашоодо сынып калдым. Ыйлай берип, жашым да түгөнгөн. Мурун аябай жакшы жүрөт элем, жашоодо сындым. Түгөндүм. Силерден суранам, ал жакта (Иракта) кызым, үч келиним, аялым калды, ошолорду алып келип берсе... Калган жаза мөөнөтүн ушул жерде өтөсө да макулмун. Булар эч нерсе билбейт, окуган эмес, билими жок”.
Тешебаевдин үч уулу жубайлары менен, күйөө баласы кызы, неберелери менен чогуу 2014-жылы Сирияга кетип калган. Кийин үч уулу, күйөө баласы, эки небереси согушта каза болгонун уккан. Ошентип, Камалдин Тешебаев кемпири экөө балдарын алып келүүнүн амалын издеп, бир нече жыл аракет кылган.
Айласы кеткен карыянын аялы Мавлюда Тешебаева балдарынын дайын-дарегин билмекке өз алдынча эле Сирияга жөнөп кетип, ошондон ары Ирактын түрмөсүнө түшкөн.
Камалдин Тешебаев өлкө жетекчилерине кайрылуу кылып, борборго чейин барган. Мамлекеттин жардамы менен 2021-жылы 13 небересин өлкөгө кайтарып алып келишкен. Өзүнүн айтымында, балдары Сирияга кетип калганы үчүн аны айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартышкан. Ошондуктан соттуулугу бар деген негизде неберелерин анын колуна беришкен эмес.
"Мен кемпиримди аябай жакшы көрөт элем. Ал дагы жакшы көрөт эле. Эми намаз окуган сайын Кудайдан жалбарып суранам. Ушуларды өлкөгө кайтарчы дейм. Келиндеримдин ата-энелеринин алдында жүзүм жарык болсо дейм. Мен жашарымды жашап болдум. Бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Балдарга кыйын болуп жатат".
Биздин дагы бир каарманыбыз Сайдулла Каримовдун да кызы Ирактагы түрмөдө. Аны менен чогуу камалып турган кыздардын тиштери түшүп, абалдары начарлап кеткенин айтып, кызын өлкөгө алып келүүнүн амалын издеп келет.
"Күйөө балам Түркияга барып иштейбиз деген. Кызымды калып тур десем, "тил билбейт, жалгыз бара албайт" деген. Биз алар менен сүйлөшүп жүрдүк. Кийин Иракка өтүп кеткен экен, биз аны билген жокпуз. Күйөө балам көз жумгандан кийин алардын ошол жакта экенин билдик. Кийин эки баласы менен түрмөгө түшкөн. Кийин балдарын мамлекетибиз алып келип берген. Азыр кыздары орус мектепте окуп жатышат. Биринин жашы төрттө, экинчиси алты жашта. Апасына 20 жыл жаза берилген. Ал жакта кыйынчылык күндөрдү көрүп жашап жатышат да. Ал жактагылардын тиштери түшүп, кыйналып жашап жатышат".
Радикалдуу, террорчул уюмга азгырылган кыргызстандыктар 2013-2015-жылдары Сириядагы жаңжалга аралашкан учуру кыргыз бийлиги үчүн чоң сыноо болгон.
Алардын тек-жайын тактап, өлкөгө кайтып келгендерин жазага тартып, андай азгырыктарды токтотуу чараларын көргөн. Ал жактан кайтарып келген аялдар менен балдарды коомго аралаштыруунун жол-жоболорун да иштеп чыккан.
Ирактын Юстиция министрлиги август айында маалымат таратып, аталган өлкөнүн абактарында кармалып турган алты миңге жакын чет өлкөлүк жарандарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү маселесин айткан.
Канча кыргызстандык ал жакта экени, так саны бизге белгисиз. Кыргыз өкмөтү аларды кайтаруу аракети боюнча азырынча үн ката элек.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылуудан сак болууга чакырат.
ИИМ мындай уюмдар өздөрүнүн көз караштарын жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана адамдарды мыйзамсыз аракеттерге түртүү максатында социалдык тармактарды, мессенжерлерди колдонорун билдирди. Мекеме тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.
Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”.
Шерине