14-сентябрда “Ынтымак ордонун” алдына чогулган ондон ашык адам өлкөнүн ар кыл райондорунан келишкен. Алар президент менен жолугушууну суранып, он жылдан ашык убакыттан бери Ирактын түрмөлөрүндө отурган жакындарын кайтарып келүүгө көмөктөшүүнү суранды.
Рахима Нийзамованын 41 жаштагы кызы Зебо Алиева Ирактагы “Русафа 6” деп аталган түрмөдө кармалып турганына тогуз жылдан ашты. Ал алгач Түркияда иштеп жүргөн жеринен 2015-жылы Иракка азгырылып өтүп кеткен.
Камактагы кызы менен ара-чолодо телефон аркылуу байланышып калганда ал күйөөсүнүн азгырыгы менен согуш болуп жаткан Иракка журт которгонун айткан экен.
Рахима Нийзамова кызын өлкөгө кайтарууга кыргыз бийлиги жардам беришин суранууда.
“Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эненин баласы түрмөдө отурса. Мен аябай кыйналып жатам. Кант оорусуна чалдыгып, жүрөгүм ооруп жатат. Баламды чыгарып берсе балдарын колуна тапшырсам болот эле. Президенттен суранам, кызымды алып келип берсин, суранам. Эч бир эне “балам” дебесин, эч кимдин баласы түрмөгө түшпөсүн. Кызым “Апа, мен мындай болорун билген эмесмин, жаман ойдо келген эмесмин”, - деп жатат. Азыр мына тогуз жашка чыккан баласы сегиз айлык эле”.
Рахима Нийзамова камакта жаткан кызынын төрт баласын тарбиялап келет. Алардын улуусу 18 жашта болсо, кичүүсү 9 жашка чыкты. Алар 2021-жылы кыргыз бийлигинин «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында 79 баланын катарында келген.
“Ынтымак ордонун” алдына келгендердин дагы бири Камалдин Тешебаев Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.
Жашы жетимиштен ашып калган карыянын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары кетип, жалгыз калган. Анын балдары 2014-жылы Орусиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүрүп, эки уулу үй-бүлөсү менен Сирияга жөнөгөн. Кийин башка бир туугандарын да чакырып, Тешебаевдин төрт уулу, төрт келини жана неберелери менен Сирияга кетишкен.
Ошентип, Камалдин Тешебаев байбичеси экөө балдарын алып келүүнүн амалын издеп, бир нече жыл аракет кылган. Айласы кеткен карыянын аялы Мавлюда Тешебаева балдарынын дайын-дарегин билмекке деп Сирияга жөнөп, андан ары Ирактын түрмөсүнө түшкөн.
“Менин да балдарым, аялым Иракта камакта отурат. Үч уулум, үч неберем ошол жакта өлдү. Аялдар ошол жакта калды. Өзүм жалгызмын азыр. Президентибизге рахмат, неберелеримди алып келип бергенине. Жанагы 79 баланы алып келгенде ошолордун ичинде менин неберелерим да келген. Неберелерим да бой жетти, экөөнү турмушка узаттым. Өзүм карып калдым. Анча-мынча ар кыл телефондордон чалып турушат. Өздөрү да арыз жазып жиберишти, калган жазабызды Кыргызстанда өтөйбүз деп жатышат”.
Үч уулу, үч небереси Сирияда каза болгонун карыя кийин уккан. Ал согуш жүргөн аймактан 13 небереси тирүү кайтканына шүгүр кылат. Азыр эми жубайы, кызы, үч келинин абактан кайтаруу аракетинен майнап чыкпай жатканына кейийт.
Ирактын Юстиция министрлиги август айында маалымат таратып, аталган өлкөнүн абактарында кармалып турган алты миңге жакын чет өлкөлүк жаранды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү маселеси тууралуу айткан. Бул маалыматтан кийин жакындары абакта отурган кыргызстандыктар да аракет көрө башташты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буга чейинки тараткан маалыматтарында Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердиги үчүн" соттолуп, кармалып турганын билдирген.
Учурда жарандардын кайрылуусуна байланыштуу кыргыз бийлиги үн ката элек.
Тышкы иштер министрлиги жооп бере турганын билдирди.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде ар кандай агымдарга азгырылган жарандарды өлкөгө кайтарып келүүдө чочулоо болгонун айткан.
“Коомчулук арасында гана эмес, мамлекеттик орган кызматкерлеринин арасында да алардан кооптонуп, “булар кайра экстремисттик идеяларын башташы мүмкүн” деп чочулагандар болду. Азырынча алып келбей коюуну сунуштагандар болгон. Биз ага караган жокпуз. Мамлекетпиз! Мамлекет болгондон кийин жоопкерчиликти алышыбыз керек. Алардын тагдырын чечип беришибиз керек. Бизден башка эч ким чечип бербейт”.
Буга чейин Ирактын аймагындагы жаш балдарды алып келүү иш-аракети 2021-жылы жүрүп, анда бул өлкөдөгү качкындар лагеринен 3 жаштан 18 жашка чейинки 79 өспүрүмдү кайтарып алып келишкен. Алар ата-энелери менен кошо барып калган өспүрүмдөр болгон. Мындан кийин 2024-жылы июлда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилген. Алардын 8и аялдар жана 14ү балдар экени айтылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болгон аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине түшкөн.
Шерине