Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Ирактан кайтарылган балдар бакчага жана мектепке барып калды


Ирактан кайтарылган кыргызстандык бала. Архивдик сүрөт.
Ирактан кайтарылган кыргызстандык бала. Архивдик сүрөт.

Ирактагы качкындар лагеринен алынып келген кыргызстандык балдар жаш курагына жараша бала бакчага жана мектепке барып жатышат. Бул тууралуу бүгүн 26-октябрда Бишкекте Ирак менен Сириядан кайтарылгандардын реабилитация жана реинтеграция маселесин талкуулаган жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда балдарды коомго аралаштыруу этабы жүрүп жатат.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык адистер катышууда. Анда айтылгандай, Сирияга жана Иракка чет өлкөлүк согушкер-террорчу катары аймактан жалпысынан 4 миңдей адам кеткен. Натыйжада эркектеринин көбү ошол жакта каза болуп, аялдары жана балдары же качкындар лагеринде, же абакта калган.

Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен быйыл жазында 3-18 жаштагы 79 баласын кайтарып алган. Өкмөт алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүлүп берилерин билдирген.

Казакстан 2019-жылы Сириядагы жарандарын кайтаруу боюнча “Жусан” операциясынан бешти, Ирактан “Русафа” деген бир операция жүргүзүп, жалпысынан 600дөн ашуун жаранын кайтарды, алардын көбү балдар, калганы аялдар.

Өзбекстан 2019-жылы “Мехр” деген атайын операциясынан экини ишке ашырып, Сириядагы жана Ирактагы 200дөн ашуун жаранын кайтарып алды.

Тажикстан бийлиги Ирактан 84 баласын алып келген.

2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK/KE)

XS
SM
MD
LG