Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, маркум Кубанычбек Капаловдун жубайы анын өлүмүнө байланыштуу президентке кайрылды.
24-октябрда президент Садыр Жапаровдун Токтогул районунда эл менен жолугушуусунда Индира Сагынбекова жолдошунун өлүмүн кайрадан иликтөөнү суранган. Ал укук коргоо органдары бул ишти тыкыр иликтебей жатат деп нааразы болгон.
"Кызматтык автоунаасынын ичинен жүрөгүнө ок тийип, сөөгү табылган. Мен сизге качантан бери жете албай жүрөм. Биз анын өлгөнүн уга электе эле "карыз болуп, өзүн атып алды" деген маалыматты таратышып, жаманатты кылышты. Ушунча эмгек кылып иштеп келгенин жокко чыгарып, кадыр-баркына шек келтиришти. Бул ишти жакшы карабай, негизсиз жаап салышты. Бул ишти кайра баштан карап башташты", - деди ал.
Кубанычбек Капалов быйыл 13-мартта каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу иш кайра караларын сентябрда Индира Сагынбекова “Азаттыкка” билдирген.
45 жаштагы Кубанычбек Капалов октон каза болгону, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени кабарланган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгон.
Шерине